Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында «Айыл Банктын» кызматкерлери А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун окуучулары үчүн электрондук санарип финансылык кызматтар жөнүндө лекция өткөрүштү.
Бул лекциянын негизги максаты — студенттерди санариптик жана финансылык коопсуздуктун негиздери, дистанциялык банкингдин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу.
Иш чаранын соңунда эң активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.







