AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Айыл Банк» ААКнын жамааты карантиндин биринчи күндөрүнөн тартып жана Кыргызстанда өзгөчө кырдаал менен абал режимдерин киргизүүдөн кийин, инфекциянын коркунучуна карабастан, калкты банктык кызматтарга үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылуу үчүн ишин улантып келишти. 

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай оор мезгилде «Айыл Банк» ААКнын аймактык филиалдарынын кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордун күзөтчүлөрү үчүн ысык тамак уюштуруп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ж.б. жардам көрсөтүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин, «Айыл Банк» ААК коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө жардам берүүдө.

Алсак, «Айыл Банк» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Жолчубек Уметалиевдин жетекчилиги менен 150 орунга ылайыкталган Кожомкул атындагы спорт-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында жайгашкан күндүзгү стационарга жеке коргонуу каражатын жана дары-дармектерди тапшырышты.

Зарыл болгон дары-дармектердин тизмесин буга чейин дарыгерлер өздөрү түзүшкөн, тагыраак айтканда — цефамед, рингер, цефотаксим, левофлоксацин, физраствор, антисептиктер, ийнелер жана жеке коргонуу каражаттары. Бул кайрымдуулук жардамы жалпысынан 100 миң сомду түздү.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Мындан бир аз мурун «Айыл Банк» Улуттук госпиталга кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каржылык колдоо көрсөткөн жана 500 миң сомду ушул медициналык мекеменин эсебине которгон.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, «Айыл Банк» ААКнын кызматкерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн жеке каражаттарды чогултууну уюштурушту. Жыйынтыганды, оперативдүүлүккө жетүү үчүн ар бир филиал өз аймагындагы дарыгерлерге колдоо көрсөтөт деген чечим кабыл алынган.

Сокулук жана Талас филиалдарынын жамааттары кызматкерлердин атынан кычкылтек концентраторлорун райондогу күндүзгү стационарларга өткөрүп беришти. Каракол филиалынын кызматкерлери концентраторду Аксу облустук ооруканасына тапшырышты. Нарын филиалынын кызматкерлери Нарын облустук бириккен ооруканасына кычкылтек концентратору жана медициналык кол каптарды белек кылышты. Ош филиалынын жана «Ош-Датка» ишканасынын кызматкерлери өздөрүнүн эсебинен кычкылтек концентратын сатып алып, аны Ош шаардык клиникалык ооруканасына тапшырышты.

Ноокен филиалы ошол райондун борбордук ооруканасына концентраторлорду толтуруу үчүн колдонулган эки редуктор жана үч кычкылтек баллон түрүндө жардам көрсөттү.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Кара-Балта филиалынын кызматкерлери Жайыл районундагы жугуштуу оорулар ооруканасына 5 пульсоксиметр тапшырышты жана дарыгерлер үчүн түшкү тамак уюштурушту. Чолпон-Ата филиалы аймактык ооруканага, «Алтын Балалык» обсервация пунктуна жана тез жардам кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттары түрүндө жардам көрсөттү.

Гүлчө филиалынын жамааты Алай райондук аймактык ооруканасына жана ошол райондогу обсервацияга медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн акча которушту. Кызыл-Кыя аймактык шаардык ооруканасы Кызыл-Кыя филиалынын кызматкерлеринен материалдык жардам алды.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Кадамжай филиалы жергиликтүү штабга коронавируска каршы күрөшүү үчүн каржылык жардам көрсөттү. Каражат дарыгерлерге керектүү каражаттарды сатып алууга жумшалат. Беловодск филиалынын кызматкерлери кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлер үчүн аймактык ооруканага жеке коргонуу шаймандарын беришти. 

Ноокат филиалынын кызматкерлери облустагы үч аймактык ооруканага кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү. Балыкчы аймактык ооруканасы Балыкчы филиалынан жеке коргонуу каржаттарын алды.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Башкы кеңсенин кызматкерлери Аламүдүн, Ала-Бука, «Бишкек-Мээрим», Жалал-Абад жана Кант филиалдарынын кызматкерлери менен биргеликте жеке каражаттарды чогултууну уюштурушту. Чогулган акча дарыгерлерге 4 кычкылтек концентраторун, 4 пульсоксиметр жана респираторго буйрутма берүүгө жумшалды. Ш.Салымбеков медресесинде жайгашкан күнү-түн иштеген стационардын медициналык кызматкерлерине бир кычкылтек концентратору жана респираторлор тапшырылгандыгын кошумчалай кетели.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

«Айыл Банк» ААКнын жалпы жамаатынын атынан бардык дарыгерлерге жана ыктыярчыларга COVID-19 пандемиясынын жайылуу шартында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм мени сүйөм дейт

Күйөөм мени сүйөм дейт, бирок көйнөк алып бер десем ызы-чуу салат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.