Салам, достор! Бүгүн, 12-декабрда кыргыз элинин эң белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 94 жыл толду. Анын урматына биз кызыктуу факттарды топтоп чыктык.
Гүл жеп алган
Бир жолу атайын уюштурулган кечеге барат. Ал жерден гүлдөр менен кооздолгон япондордун тамагы берилет. Айтматов гүлдөр тамак салынган идиште болгондуктан, алар жегенге жарайт деп ойлоп, аны жеп алат. Анан жанында отургандар бул жөн гана жасалга экенин шыбырап айтышат.
Трактористтин жардамчысы болгон
Согуш жылдарында Чыңгыз Айтматов ар кайсы тармакта иштеген. Ал ммезгил 1942-жылдарга туура келет. Мугалимден баштап комбайн айдагандардын, трактористтердин жардамчысы болгон.







