AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ахрор Иминов: "Жаштар саясатына жана санариптештирүүгө көңүл бурам"

Ахрор Иминов: «Жаштар саясатына жана санариптештирүүгө көңүл бурам»

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бүгүнкү күндө жаштар мамлекетте болуп жаткан бардык процесстерге катышып жатабы? Жаштар менен кантип натыйжалуу иш алып барууга болот? Мамлекет бул багытта кандай иш алып барууда?

Ушул жана башка суроолорго “Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоого аттанган жаш талапкер Ахрор Иминов менен маектештик.

— Кыргызстанда жаштар саясатынын абалы кандай?

– Кыргызстанда бүгүнкү күндө жаштар саясатын жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик орган, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар биргеликте ар кандай  иш-чараларды өткөрүп келет. Өкмөт дагы атайын жаштар саясатынын концепциясын кабыл алган. Бирок бул боюнча алгылыктуу иштер дагы деле жасалбай келет. Иш жүзүндө жаштар саясатын өнүктүрүү жалаң эле ар кандай форумдарды, чогулуштарды, фестивалдарды уюштуруу менен гана чектелип, жаштарды кандайдыр бир идеяга жетелеген саясат тилекке каршы жок болуп жатат.

— Сиз парламентке депутат болуп келсеңиз, бул багытта кандай программаларды жана мыйзам долбоорлорун сунуш кыласыз?

— Жаштар саясатын жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик стратегия керек. Мен биринчи кезекте ушуга көңүл бурам. Мына ошол стратегиянын негизинде мамлекеттик органдар жана кызыктар болгон бардык эл аралык уюмдар бир багытта иштөөсү керек. Эң негизги максатым жаштар бүгүнкү коомдон өз ордуларын табуусу үчүн болгон билимим менен тажрыйбамды колдоном. Эң башкысы жаштардын максаттарына жетүүсүнө мүмкүндүк берүүчү мыйзамдуу механизмдерди, инструменттерди иштеп чыгууга аракет кылам.

— Бүгүнкү жаштарга эмне керек, аларды эмне кызыктырат?

— Бүгүнкү күндө жаштар мамлекеттин келечегине кайдыгер деген сын-пикирлер айтылып келет. Бирок мен буга кошулбайм. Бүгүнкү күндө жаштар коомду өзгөртүү үчүн кандайдыр бир салым кошууга аракет жасап жатышат. Бирок жаштардын бул аракети көбүнчө улуу муундардын бут тосуусуна дуушар болуп келет.
Акыркы 5-6 жылдан бери илим алууга, руханий баалуулукка умтулган жаштардын катары көбөйүп жатканы кубандырат.

Бүгүнкү жаштарга заман талабына ылайык билим, жана билим алууга заманбап шарттар керек. Анткени татыктуу билимге ээ болгон жаштар окуу жайды аяктагандан кийин жумуш таба алышат. Баарыңыздар билгендей, бүгүнкү күндө жаштардын көбү жумушсуздук маселесинен улам чет өлкөлөргө кетип жатышат.

Баса, азыркы жаштар саясатка, мамлекеттик кызматка да кызыгышат. Жаш туруп саясий күчтөрдүн катарында жүргөн көп санаалаштарым бар. Бул жакшы көрүнүш деп эсептейм. Себеби, саясий муун жаңыланып, санариптешип жаткан дүйнөнүн агымына жараша жаңы адамдар керек.

— Парламентке барганда дагы кандай маселелерге көңүл бурасыз?

 — Азыркы ааламдашуу доорунда бардык тармак санарипке өтүп жатат. Менин бул багытта жеке IT компаниям бар. Ал жерде програмисттер платформаларды, программаларды жасашат. Мына эки жылдан бери өлкөбүздө санариптешүүгө басым жасалып, президентибиз Сооронбай Жээнбеков дагы буга өзгөчө көңүл буруп, мунун алгачкы жыйынтыктары сезиле баштады. Биз канчалык санарипке эрте өтүп, турмушубузда пайдалансак, ошончолук өнүгүүгө эрте кадам таштаган болобуз. Бирок алдыбызда бир топ көйгөйлөр турат. Алардын эң биринчиси — IT адистердин жетишсиздиги. Мен ушул көйгөйдү чечип, өлкөбүзгө колдон келген салымымды кошууга ар убак даярмын.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 26-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Турмушка чыккандан бери тартынчаак

Турмушка чыккандан бери тартынчаак, коркок болуп баратам. Эмнеге мындай?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.