AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ачка болгон баласына суу берет. "Бадам апалар" деген кимдер?

Ачка болгон баласына суу берет. «Бадам апалар» деген кимдер?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кээ бир ата-энелер өздөрү байскабастан, балдарына туура эмес тамактанууну үйрөтүшөт. Мисалы, кечки саат алтыдан кийин жебе, ачка болсоң дагы чыда ж.б. дегендей. Жакында Tik Tok социалдык тармагында, дал ушундай тарбиялоо ыкмасын колдонгон ата-энелерге реакция катары “бадам апа” түшүнүгү пайда болду. Биз бул эмне экенин айтып беребиз.

«Бадам апалар» кимдер?

«Бадам апа» — диета, салмак, арыктоо менен алек болгон жана балдарына ошол адаттарды сиңирген апа. Баланын фигурасын көзөмөлдөп, тамак-ашын чектейт, ачка болсо суу ичүүгө кеңеш берет, арыктап кетсе мактайт.

«Бадам апа» түздөн-түз өзүнүн же баласынын сырткы көрүнүшүн сындабайт, бирок башкалардын сырткы көрүнүшүнө терс комментарий бериши мүмкүн.

Ашыкча салмагы барларды көрсөтүп,  «бочка», «уй», «семиз» деген ачуу сөздөрдү айтат. 

Мындай ата-энелер балдарын модель же белгилүү кылгысы келет, ошого ылайыктуу курстарга жөнөтөт. Баласы ачка болсо, «бадам апа» өзү пайдалуу деп ойлогон тамакты сунуш кылат: жашылча, фитнес-батончик ж.б. Баласы таттууларды жана башка тез углеводдорду жеп албаш үчүн бардыгын жасаганга аракет кылат.

Бул термин кайдан чыккан?

«Бадам апа» деген термин 2022-жылдын сентябрында Tik Tok платформасына чыккан роликтин аркасы менен популярдуу болгон. Анын каарманы Иоланда Хадид учурдагы эң атактуу эки модель — Гиги менен Белла Хадиддин апасы, убагында өзү дагы модель, актриса болгон. 

2014-жылдагы «Чыныгы кожойкелер» тасмасынан үзүндү болгон видеодо, ал кезде 18-19 жашта болгон Гиги апасына телефон чалып,  эртеден кечке бадамдын жарымын гана жегенин, өзүн алсыз сезип жатканын айтат.

Ошондо Иоланда кызына «дагы эки бадамды жай жана жакшы чайнап же» деп кеңеш берет.

Өзүңүздөр түшүнгөндөй, баары Иоланданын ушул жообунан башталат. Тik Tok колдонуучулары Иоланданын тарбиялоо ыкмаларын айыптап, комментаторлор «мындай кеңештерден улам балдардын тамактануу адаты бузулат» деп жазып чыгышкан.

People басылмасына берген маегинде Иоланда бул цитатаны «контексттен ажыратылган» деп атаган: «Операциядан кийин уйкум келип жаткан, эмне үчүн ага эки бадам же деп кеңеш бергеним эсимде жок. Чыныгы жашообуз менен эч кандай байланышпайт.»

Ошого карабастан, Иоланда Гигинин тамактануусуна бир нече жолу чектөө киргизген: көп учурда анын диетада экенин эскертип, тамак жебегени же кичинекей порция жегени үчүн мактаган. 

Адистер эмне дейт?

Кээ бир ата-энелер өспүрүм кыздар менен балдарда салмактын өзгөрүшү нормалдуу көрүнүш экенин, бул гормоналдык өзгөрүүлөр менен шартталганын түшүнбөйт. 

Өспүрүм таттуу менен фаст-фудду көп жеп, ушуларга гана кызыга баштаганда кескин салмак кошуусу мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш, өтүп кетет. Келечекте өзүнүнүн үстүнөн иштеп, кошумча физикалык активдүүлүктү кошкондо салмагынан арыла баштайт. Бул үчүн өспүрүмдөргө убакыт талап кылынат.  

Мектеп окуучуларынын өзгөчө активдүү жашоо образы жок экенин түшүнүү керек, андыктан аларга чоңдорго караганда салмак кошуу оңой.

Балдар менен адамдардын ар кандай экени жөнүндө сүйлөшүү абдан маанилүү. «Ар бир адамдын көзүнүн түсү, салмагы, формасы, териси ар түрдүү болот, бул нормалдуу көрүнүш» деп айтуу зарыл. Балага тамак-аш менен туура мамиле түзүүгө жардам бере турган маалыматтар менен бөлүшүү зарыл. Мисалы, тамак-аш жөнүндө илимий китептер: организмге эмне үчүн майлар, углеводдор, белоктор керек, мунун баары денеде кантип бөлүштүрүлөт жана бул заттардын балансы эмнеге таасир этет ж.б. 

Балдарга кичинесинен баштап тамак жасаганды үйрөтүү пайдалуу. Көбүнчө өспүрүмдөр өздөрүнө бир нерсе жасай алышпайт. Биргелешип тамак-аш даярдоо процессинде аны менен туура тамактануу жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

А сиз кандай ата-энесиз?

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Китеп окуганда уйкуңуз келе береби? Анда бул 7 кеңеш сиз үчүн

Китеп окуганда уйкуңуз келе береби? Анда бул 7 кеңеш сиз үчүн

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.