AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Абысыным экөөбүз кайын энемдин сүйүктүү көйнөгүн өрттөп алганбыз

Абысыным экөөбүз кайын энемдин сүйүктүү көйнөгүн өрттөп алганбыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

— Суу, жеңе, суу бериңиз!

— Терезени ач!

— Үтүктү өчүрдүңбү?

— Азыр.

— Апам келди окшойт!

— Көйнөктү бекит!

Экөөбүз эки жакта чуркап жүрөбүз. Бөлмө түтүн. Көздөрүбүз тостойгон. Чачтарыбыз апсайган. Баары Тик-Токтун айынан. Жеңем үтүктөп жатса, жанына барып видео көрсөтө коем деп балээге калдык.

Кайын энем базардан алып келген продукттарын тизип, кыңылдап ырдап ашканада жүрөт. Бир маалда бөлмөсүнө бет алды. Жеңем «алаксытып тур»,- деп, мени түртүп чыгарып койду.

— Апа?

— Оу.

— Неме, неме, сизге бир нерсе айтайын дегем.

— Айт, айта бер.

— Жүрсөңүз бул жакка, кенен отуруп сүйлөшөлү.

Залга алып кирип баратып артымды карасам, жеңем бөлмөнүн түтүнүн жоолугу менен сыртка айдап жатыптыр.

Эмне дешти билбейм. Кайын энем мени күтүп отурат. Айла жок күйөөмдү ортого салдым.

— Апа, Айдар мени жакшы көрбөй калды окшойт.

— Ыя ботом! Эмне дейт?

— Мага эч эле көңүл бурбай калды. Телефонунан чыкпайт.

— Көрсөтөм мен ага! Азыр жумушундабы? 

— Ооба.

— Сен кызым капа болбо, азыр барып келем.

Байкуш күйөөм жөн жерден күнөөлүү болду. Айла жок. Кайын энем сыртка чыгып кетери менен, жеңем экөөбүз базарга чуркадык. Кайын энем кийим алган ряддарды кыдыра баштадык. Таптык. Кудум биз күйгүзгөндөй көйнөк. Этикеткасын алып, билгизбей шкафына салып койдук.

Бул арада күйөөмө чалып, болгон окуяны айтып бердим. Боору эзилип “макул” деген боюнча калды.

Эртеси кайын энем тиги көйнөгүн алып чыгып, таштандыга көтөрүп жөнөдү.

— Апа, эмнеге ал көйнөгүңүздү ыргытып жатасыз.

— Мурда эле ыргытмакмын, унутуп калыпмын. Тиги урушуп кеткен курбумдун белеги. Үтүктөп күйгүзүп коюн дедим эле, колум тийбейт. Ыргытып салайынчы, көргөн сайын кыжырым келип жатат. 

Жеңем экөөбүз сыртка чыгып алып каткырдык.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем атамдын биринчи сүйгөнү болуп чыкты

Кайын энем атамдын биринчи сүйгөнү болуп чыкты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.