AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Абайлаңыз

Абайлаңыз, альфонс эркектер көбөйдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Альфонстор —  айымдардын эсебинен каржы маселесин чечкен эркектер. Буларды дароо байкоо мүмкүн эмес. Сүйкүмдүү жылмаюунун, жалжылдаган көздөрдүн артында эмне катылып жатканын канчалык эрте түшүнсөңүз, ошончолук альфонстон кутулуу мүмкүнчүлүгүңүз көбөйөт. Алардын курмандыгы болууну каалабасаңыз, психологдун кеңешине кулак салыңыз.

Альфонс эркектердин капканына түшкөн айымдар көп. Алардын бирөөсү өз окуясын (анонимдүүлүк сакталды) айтып берди. 

«Мен 30 жаштамын. Бир күйөөгө тийип чыккам, балам бар. Күйөөмдү катуу сүйчүмүн. Сүйлөшүп, келечекке максат коюп үйлөнгөнбүз. Бир өкүнгөнүм, ошондо  жаштык кылып коюпмун.

Анын үй бүлөөсү менен тил табышканга аракет жасабадым, тескерисинче, баласын өзүмө буруп, апасына каршы кылууну эңседим. Билбейм, эмнеге андай жолго бардым. Сүйгөнүңдү кандай сүйсөң, анын үй бүлөөсүнө дагы ошондой мамиле жасоо керек экенин эми түшүндүм. Жашоодо кишилерден өзүң каалаган нерсени талап кыла бербестен, алардын да талабына ылайык болуш керек экен. Өткөндү эстегенде эмне, баары бир майнап чыкпайт.

Ажырашкандан кийин болгон күчүмдү ийгиликти багынтууга жумшадым. Кудайга шүгүр! Эңсегенимдин баарына жеттим.  Бирок… мен бактысызмын!

Күндө кечинде кетип баратып кабат үйлөрдүн терезесин карап өтөм. Ачылган парданын ары жагында бактылуу үй-бүлөлөрдүн кечки маанайы: аялдар дасторкон жайып, жолдошу ашканада чай ичип, балдары ары-бери чуркап жүрүшөт. Мындай жашоого жетүүгө аракет жасай баштадым.

Фейсбук баракчама жакшынакай түшкөн сүрөттөрүмдү жарыяладым. Инстаграмга жеткен ийгиликтеримди көрсөтүп видео жүктөйм.  Күндө ар түркүн жигиттер, мырзалар жазат. Алар менен таанышып, кээ бирөөлөрү менен жолугуп, ресторандарга барып жаттым. Менде бир принцип бар — эркектен акча албайм. Алардын чыгымдарын өзүм төлөй калмай жайым бар. Бул адатым мырзаларга жакчу. Чыгымын төлөгөн сайын өзүмө сый-урмат чогулткандай сезилет. Мындайча айтканда, эркектердин демөөрчүсү сыяктуумун, бийлик менин колумда.

Кызыгы, эркектер менен мамилем үч төрт айга уланат. Андан кийин эле алуучусун алып, анысы аз келгенсип карызга акча сурашат же болбосо бир бизнес ачып берүүмдү талап кылышат. Күндө уруш-талаш, аягында бири-бирибизден качып баштайбыз.

Аларга байланып каламбы билбейм, бир жума өткөндөн кийин өзүм чалам, кечирим сурап, кайра кайтып келүүсүн өтүнөм. Алар мени шылдыңдап, басынтып, сөгүп, “каалаганымды дагы жасайсыңбы” дешет. Эң жаманы ушул болгон нерселерди эч көңүлүмө албай жалдырай бергеним.

Азыр үй-бүлө күтүп  жашагым деле келбей калды. Кийин менден үлгү алган балам мага окшоп жалгыз калбайбы деп корком. Мага кеңеш бериниздерчи!»

Тамара Воронцова, психотерапевт

Кимдер альфонсторго жолугат:

  • Өзүнө болгон баасы төмөн 
  • Жалгыз бой
  • Бай 

Альфонстун белгилери:

  • Биринчи жолугушууда өзүн идеалдуу алып жүрөт, жакшынакай кийинип, кымбат ресторанга чакырат жана өзү төлөйт. Эпсиз жигиттерден айырмаланып, ката кетирбейт.
  • Кийинки жолугушууларда капчыгын унутуп калганын, төлөп койсоңуз, кийинчерээк бере турганын айтат. Кийин, ал жөнүндө унутуп коёт, эскертсеңиз, эң маанилүүсү акча эмес мамиле экенин айтат.
  • Акча сурайт, көйгөйлөрү, карыздары тууралуу айтып баштайт.
  • Көп учурда убактылуу иштебей жүргөнүн же азыр эле жумуштан бошогонун, бир долбоордун үстүндө иштеп жатканын, ага сиз гана дем күч бере аларыңызды айтат.
  • Достору, үй-бүлөсү жана кесиптештери менен тааныштырбайт.
  • Мурунку жашоосу тууралуу сөз кылбайт.
  • Социалдык тармактарда катталган эмес, аны жактырбай турганын, убакыты текке кетээрин айтат.
  • Биринчи жолугушууда сүйүү, мамиле жөнүндө көп сүйлөйт, “айым”, “күнүм” ж.б деп эркелетет.
  • Майрам күндөрү чоң белек берүүңүздү эскертет.

Альфонспу же жокпу, кантип текшерсе болот?

  • Айткандарынын баарына ишене бербеңиз.
  • Ар бир жигит тууралуу маалымат издеңиз: достору, тааныштары, жумушу ж.б.
  • Күмөн жаратып жатса, ата-энеңиз же өзүңүз карызга батканыңызды, унааңызга насыя төлөөрүңүздү, бизнес үчүн ипотека алганыңызды ж.б айтыңыз.
  • Жигитке эч качан акча бербеңиз! Бере турган туугандары жана достору бар!
  • Биринчи шек санаган учурда эле мамилени үзүңүз. Антпесе, алардын далилдерине, суранычтарына каршы туруу кыйын болгондуктан, акчаңызды, мүлкүңүздү жоготуп аласыз. Альфонстор аяганды билбейт!

Акыркы убактарда альфонс күйөөлөр көбөйдү. Алар иштебейт, апасынын, аялынын мойнунда олтурушат. Тапкан жумушу кыска мөөнөттүү же ар кандай себептер менен жакпайт. Ортодо балдар бар болсо, мындай күйөөлөрдөн качып кетүү кыйын.

Эгерде эркектин 2 жумадан ашык жумушу жок болсо, абал ага жага баштайт, аны кийин иштетүү кыйынга турат. Бул жагдай үй-бүлө үчүн абдан олуттуу болуп саналат жана аны тез арада чечүү керек.

Эркектин ролу – табышкер, камсыздоочу. Майып эмеспи, иштесин! Эркекти аёонун кереги жок. Кыйынчылыктарда чечим издөө менен эркек чыныгы эркек болуп такшалат. Баардык себептер балалыкта катылган. Мисалы, апасы үй-бүлөсүн багып, атасы иштбеген үй-бүлөдө чоңойгон эркекке жумушу жок жүрүү нормалдуу.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Организмди тазалоонун эң мыкты жолдору

Организмди тазалоонун эң мыкты жолдору

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.