AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“700гө жакын улан-кыздарыбыз Сирияда жүрөт”

“700гө жакын улан-кыздарыбыз Сирияда жүрөт”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ислам динин жамынган экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн күчөшү бүтүндөй дүйнө жүзүнүн курч маселесине айланган. Айрыкча бул уюмдардын агымына азгырылгандардын токсондон ашуун пайызын жаштар түзөт. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, «Альфа-антитеррор» коомдук уюмунун төрагасы, генерал-майор Артур Медетбеков экстремистик топтор эмне себептен жаштарга кызыгаарын түшүндүрүп берди.

Жаштар оңой алданат

Генерал-майордун айтымында экстремистик топтор өздөрүнүн катарына жаштарды тартууга көбүрөөк аракет кылышат экен. Мунун себеби-билимдин, көзөмөлдүн жетишсиздиги, аң-сезимдеринин боштугу.

“ Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча экстремистик, террористик топторго аралашкандардын 90 пайыздан ашыгы жаштар. Себеби жаштарды алдап, азгыруу жеңилге турат. Алардын мээсинде, жүрөгүндө, аң-сезиминде болгон бош вакуумду экстремистик ой-пикирлер, сунуштар менен толтурушат. Орто Азияны карай турган болсок, совет доорунда Кыргызстанда комсомол партиясы, октябрчы сыяктуу бир идеологиялар бар болчу. Бүгүнкү күндө эч кандай идеология жок. Адамдарды базар экномикасы эзип, эртеңкиге кантип нан табам, үй-бүлөмдү кантип багам деген ойлор түйшөлтүп турат. Мунун аркасынан жаштарыбыз окуп, иштеп келейин деп башка өлкөлөргө кетип, ошол жактан экстремистик уюмдарга азгырылып жатышат. Андан тышкары экстремистик идеологдор учурда коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү: денесин сатуу, алкоголизм, баңгиликти көрсөтүп “көрдүңөрбү кандай коомдо жашап жатасыңар, биз жакка келсеңер башкача болот” деп бурмалап, өздөрүнө тартышууда.”

Акча сунуштоо азгыруу үчүн колдонулган жарнама

Артур Медетбековдун баамында акыркы убакта экстремистик уюмдардын жеке ой-пикирине эмес, акчасына азгырылып кеткендер көбөйгөн. Бирок акча сунуштоо азгыруу үчүн колдонулган жарнаманын бир түрү.

“3 жыл мурун Ысык-Көлдөгү бир үй-бүлө экстремистик уюмга мүчө болуп, алар жакка кетип калган эле. Алар кетээрден мурун ошол эле көлдөн кеткен бир жаш келин интернеттен доллардын таңгактарын көрсөтүп, көп акча алып жатканына мактанган. Мен билгенден бул көп учурда жарнама катарында эле. Ооба, аздыр-көптүр акчасын алагандар дагы жок эмес.”

Экстремистик идеологиялардын жайылышына Кыргызстандыктар күнөөлүү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тыюу салынган 20га жакын диний-экстремисттик уюм бар. Жалпысынан алып караганда мындай уюмдардын саны миңдеп саналат. Көпчүлүк элдерде “бизде 20сына гана тыюу салынса, калган экстремистик уюмдардын кирип алып идеологиясын жайылтууга боло береби” деген суроо жаралбай койбойт:

“ Дүйнөдө бир нече миң экстремистик, террористик уюмдар бар. Мисалы үчүн алар Америкада, Африкада же Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болсо дагы Кыргызтанга келе албайт. Биринчиден биз жакка келиши үчүн базасы, эл менен сүйлөшүү үчүн тилди билиши керек. Эң негизгиси акыркы убакта коомубузга экстремистик идеологиялардын жайылышына Кыргызстандык жарандардын тиешеси бар. Ошондуктан бул уюмдар бизге аралашып, агылып келип, өсүп жатышат.”

Миллионерлер дагы уюмга мүчө болушат

УКМКнын мурдагы орун басарынын айтуусу боюнча экстремистик уюмдарга жалаң эле билими жок, кембагал үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү тартылбайт. Арасында миллионерлердин дагы балдары бар:

“Экстремистик, терротисттик топторго билими бар, үй-бүлөсү бай, жакшы жашаган адамдар дагы азгырылат. Мисалы үчүн, Англияда бир миллионердин кызы кирип кеткен. Германия өңдүү мамлекеттерде канчалаган адамдар мүчө болушкан. Булардын баары акчага эмес, аң-сезим, философия менен киргендер. Кыргызстанда дагы окууну бүткөн, илимдүү жаштардан аралашып кеткендери бар. Бул процесстин эң негизги өзгөчөлүгү алдап, азгырып, тарта турган адамдардын жогорку денгээлдеги идеолгиялык көрүнүштөрдү колдоно билгендигинде.”

700дөн ашуун улан-кыздарыбыз Сирияда

Артур Медетбеков экстремистик топтор жаштарыбызды Пакистанга, Египетке окууга алдап алып барып, өздөрүнө алып калып жаткандарын дагы билдирди:

“Акыркы убактарда жеке эле Кыргызстанда эмес Орто Азияда мугалимдер пайда болду. Алар келип алып окутам деп 10-15 баланы бир батирге алып барып бекер жашатып, тамак-ашын берип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин “Силер көптү билип калдыңар, кааласаңар Египетте, Пакистанда медереселер бар. Ошол жакка барып окуп келгиле. Жол киреси, жашаган жери бекер” деп азгырышууда. Эч нерсени билбеген балдарыбыз, окуп келейин деп кетишет. Ал эми Пакистандагы диний окуу жайлардын 50дөн ашык пайызы экстремистик идеология менен шугуулданат. Жаштарыбыздын ошол жакка кетип жатышынын бирден-бир себеби убагында мамлекет, ата-эне тарабынан көзөмөлдүн жок болгондугу. Бул уюмдар идеологиясын интернет сайттарга дагы чыгарып жатышат. Ал маалыматтардан тыянак чыгарып алып куралданып, Түркияга барып, Сирияга качап кеткендер болуп жатат. Бүгүнкү күндө бизде болгон маалыматка ылайык 700дөн ашык жаш улан-кыздар ошол жакта жүрүшөт. Билинбегени канча экенин эч ким билбейт. Билимсиздик, сабатсыздык, жумушсуздук, ата-эне тарабынан көзөмөлдүн жоктугу диний экстремизимге аябай чоң түрткү берүүдө.”

Согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөргө кеткендердин көбү кыз-келиндер деген ой-пикир бар. Бирок жогоруда айтып өткөн 700 кыргыздын ичинен 130 гана айымдар. Генерал-майордун айтымында, аял кишилердин согуш зоналарына кетишинин бир канча себеби бар.

“Биринчиден алар үй-бүлөсү менен барышы мүмкүн. Экинчиден бул жакта жашап жүргөндө идеологиялык, социалдык жактан катуу бир учурга дуушар болуп, эмне болсо ошо болсун деп кетип калышат. Арасында Сирияга барып санитар болуп, кирин жууп, тамагын жасап болсо дагы акча тапсам деп акчага азгырылгандары бар. Кээ бирөөлөрү ал жакка баргандан кийин экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыгышат.”

Азгырылгандар артка кайта албайт

Артур Медетбеков экстремистик топтордун идеологиясына азгырылып кеткендер артка кайрылып келе албаарын кошумчалады.

“ Маалыматка ылайык, экстремистик уюмга киргенден кийин диндин негизинде ант берет. Ошол антты бузбай аягына чейин чыгам дейт. Чындыгында эле денесине, аң-сезимине кирип кеткенден кийин бул нерседен чыга албай калат. Ал жерге киргенде кагазга кол коюнун кереги деле жок. Экинчиден, качканга жолду жок кылып, пасортторун алып коет. Үчүнчүдөн ал жакка алып барган кишилер аларды Түркиянын чек арасынан белгилүү кишилерге акча берип, топ-топ кылып алып киришет. Андыктан көбү ал жакка баргандан кийин кача албай калышат.”

Маегибиздин жыйынтыгында генерал-майор Артур Медетбеков экстремистик, террористик топтор менен аеосуз күрөшүү менен гана алардын таасирин жокко чыгара алаарыбызды айтты:

“Ислам ыйык, тынчтыктын, боорукерликтин дини. Убагында бир ойчул, “Ойду ой менен жеңиш керек. Идеяны идея менен каршы көрсөтүү керек” деп айткан экен. Бүгүнкү күндөгү экстремистик топтордун идеологиясына мамлекеттик деңгээлдеги идеология менен каршы турушубуз керек. Сабатсыздыкты жоюу үчүн муфтият, коомчулук, бийлик өз салымын кошуп, күнү-түнү иш алып барашыбыз зарыл. Мамлекетке каршы келген көрүнүштөргө катуу талаптарды коюп, аесуз күрөш жарыялаганда гана алардын таасири төмөндөйт. Улуттук, мекенчил аң-сезимди жогорку деңгээлге көтөрөлү. Антпесек бул бүгүнкү күнүбүздүн, келечегибиздин коркунучу!”

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апам 11 жылдан бери бат-баттан температура болот

Апам 11 жылдан бери бат-баттан температура болот

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.