AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
6 жылдан бери паспорт алалбай жүрөм. Жарандыгы жок жигиттин баяны

6 жылдан бери паспорт алалбай жүрөм. Жарандыгы жок жигиттин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын баяндап келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында алты жылдан бери паспорт алалбай, убара тартып жүргөнү айтылат.

Саламатсызбы! Мен өзүмдүн башыман өткөн окуямды айтып бергим келди. 

23төмүн. 3 жашымда атам апам экөөбүздү таштап кеткен. Атамды ошондон бери көргөн жокмун. Кийин апам жарандык никеге турду. Бир жылдан соң күйөөсү апамды “сени менен жашабайм” дегени үчүн өлтүрүп койду. Ошентип, таенемдин колунда калдым.

Турмушубуз оор. 5-класстан кийин окуумду таштап, тайкеме кошулуп курулушта иштедим, өзүм жашаган айылдагы элдердин малын бактым. «Аскерге барсам өз ордумду табамбы» деген ниет менен 2013-жылы аскердик кызмат өтүүчү бөлүккө келсем, “паспортуң жок экен”,-деп албай коюшту.

Паспорт столго бардым. Ата-энемдин паспортторун сурашты, мен «апам каза болгон, атамдын кайда экенин билбейм»,- дедим. Ошол жерде иштеген бир адам “сага жардам берем”,- деп 15 000 миң сом алып алдап кетти.

Тилекке каршы, апам каза болгондон кийин эч ким кара кагаз албаптыр. Документтер боюнча апам тирүү экен. Ошондой болуп калса кана…

Паспорт алыш үчүн төрт жыл чуркадым, жыйынтык болгон жок.

Көп өтпөй силердин окурмандарыңардын суроолоруна жооп берип келаткан юрист Нурислам Раимжанов менен таанышып калдым. Анын жардамы менен жакында паспорттуу болгону турам. 

Паспорт алуу үчүн апамдын Кыргыз Республикасынын жараны экенин далилдеп беришим керек экен. Колумда апамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн башка документ жок.

Нурислам Раимжанов төрт жыл издеп таппаган документтерди тапты: апамдын кайсы мектепте окуганын, кайда иштегенин, өлүмүнө тиешелүү болгон кылмыш иштеринин кагазын. Бул документтер менен апамдын каза болгондугун мыйзамдуу каттап, паспортко документтеримди тапшырдым.

Тилекке каршы, паспорт стол «сен паспорт алууң үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюшу керек, ошондо гана сага паспорт беребиз»,- деп айтты.

Жообун күтүп жатам. Окурмандарга айтаарым, аягына чейин күрөшкүлө. 

Нурислам Раимжанов, юрист

Мыйзам боюнча бул жаранга Кыргыз Республикасынын паспортун Президенттин жарлыгы жок эле беришсе болот.

Тактап айтсам, бул жаран Кыргыз Республикасында төрөлгөн жана бул боюнча туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү бар, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү мыйзамынын 9-беренесинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, жарандын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөгөн башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер болуп саналат” деп көрсөтүлгөн.

Же болбосо ушул эле мыйзамдын 12-беренесинин, 3-бөлүмүндө, “Бала туулган учурда ата-эненин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса, ал эми бири жарандыгы жок же белгисиз адам болсо төрөлгөн жерине карабастан бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат” деп көрсөтүлгөн.

Апасынын Кыргыз Республикасында төрөлгөндүгү жөнүндөгү түүлгандыгы тууралуу күбөлүгү бар. Демек, мунун апасын Кыргыз Республикасынын жараны болгон деп эсептөөгө негиз бар. Апасына берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө да КРнын жараны деп жазылган.

Булардын баары паспорт алуусуна негиз болот эле, бирок паспорт столу бул жол менен паспорт берүүнү каалабай «КРнын Президентинин жарлыгы аркылуу аласың» ,- деп жатышат. Азыркы учурда жообун күтүп жатабыз. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Электрондук китептерди бул жерден бекер жүктөп алса болот

Электрондук китептерди бул жерден бекер жүктөп алса болот

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.