AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
56 жаштагы аял боюнда бар экенин айтат. Адистер кеңеш берет

56 жаштагы аял боюнда бар экенин айтат. Адистер кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бактыгүл 56да (аты өзгөртүлдү). Жакында өзүн жаман сезип бейтапканага барган. Анализдеринин жыйынтыгы төбө чачын тик тургузган.

«Тааныштар укса эмне дейт!»

“Эмнесин жашырайын, кош бойлуу экенмин. Бул кабарды уккандан бери уйкум качты.

4 балам бой жетип калган, атүгүл неберелерим бар. Күйөөмө айтсам, “өзүң бил”,-деп койду. Ойлоно берип чарчадым. Тааныштар укса эмне дейт. Уялам.

Макул, баланы калтырдым дейли. Ал дени сак төрөлөбү? Алдырып койсом ден соолугума зыяны тийбейби? Суроолор абдан көп.

Улуу кызым, “төрөй бериңиз, мен багып алам”,-дейт.  Эмне кылсам болот? Кеңешиңерге муктажмын.”

Адистер кеңеш берет

Гинеколог Светлана Коздровичтин айтымында жаш улгайган сайын түйүлдүктүн Даун синдорму сыяктуу генетикалык оорулар менен төрөлүп калуу коркунучу жогорулайт. 

“Эң маанилүүсү, тегерегиңиздеги адамдардын эмес, өзүңүздүн каалооңуз. Албетте, жаш өткөн сайын аялдын жана төрөлө элек баланын ден соолугуна коркунуч туулат. Төрөйм десеңиз, тобокелдиктерди жана патологияларды алдын алуу үчүн тезирээк текшерүүдөн өтүп, фолий кычкылын жана йод ичип башташыңыз керек. Эгер кош бойлуулукту токтотуу жөнүндө чечим кабыл алсаңыз, бүгүнкү күндө коопсуз ыкмалар көп.”

Гинеколог мындай кырдаалга туш болгондор жок эмес экенин кошумчалады. Климакс мезгилинде болду эми боюма бүтпөйт деп контрацепция колдонбой кош бойлуу болуп калган айымдар көп. 

Тамара Воронцова, психолог

50дөн кийинки кош бойлуулук көп суроолор менен коштолот.

  1. Негизги маселе — сиздин ден соолугуңуз. Толугу менен текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Бул куракта түйүлдүктүн генетикалык оорулар менен ооруп калуу коркунучу жогору. Кош бойлуулуктун белгилүү бир жумаларында скрининг жасоо түйүлдүктүн өнүгүүсүндөгү дефекттерди алдын ала аныктоого жардам берет.
  2. Баланы күйөөңүз экөөң тең каалайсыңарбы? Жөн жерден керемет болбойт. Балким, бул бала сизди бактылуу кылуу үчүн жөнөтүлгөн, балким, ал коом үчүн чоң иш кылат, балким, чоң талант болот?
  3. Эгер аборт кыла турган болсоңуз, медициналык көз караш менен караганда, бул чечимиңизди туура түшүнсө болот.
  4. Баланы калтырам десеңиз, анда аны эч кимге берүүнүн кереги жок! Кызыңыз же башка туугандарыңыз жардам берет же бала багуучу жалдаңыз.

Бала ар дайым ата-энеси менен болуш керек!

Башкалардын пикирине маани бербеңиз, аларга кудай жиберген белек деп коюңуз. Балаңыздан уялбаңыз!

Мүмкүн болушунча бул маселени тезирээк чечиңиз, бала бардыгын сезет. Мисалы, убагында апасы каалабаган же аборт жасагы келген балдардын мүнөзү оор болуп калышы мүмкүн. 

Ар кандай куракта балалуу болуу — бул керемет! Жашоодо капыстан эч нерсе болбойт!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыздык белгинин сиз билбеген 5 сыры

Кыздык белгинин сиз билбеген 5 сыры

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.