Угуп алып муунум калтырап, көпкө өзүмө келе албай отурдум. “Же эрге тийбейсиң, же жерге кетпейсиң! Сени ким алмак эле, тийсең да ажырашкан бирөөгө эле тиесиң. Жүрө бер ошентип коколой башыңды багып!” Мына ушундай сөздөрдү уктум. Бул чети эле, мындан сырткары сөөккө жеткен сөздөрдү айтып, сөгүп, каргаптыр. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгыптыр. Эмне кылганым үчүн? Мен ага эч жамандык кылган жокмун го, андан нан сурап барган жокмун, акча сурап эшигин каккан жокмун, 27ге чыктым эр таап бер деп айткан жокмун.
Өзүмчө жашайм, иштейм, өзүмдү өзүм каржылайм, керек учурда баарына эле жардам берүүгө аракет кылам. Эч кимден нан сурап жеген жокмун. Жакында эле туулган күнүн куттуктап баргам, унчукпай күлүп узаткан. Анын жашоосуна эч киришкен эмесмин, балдарына, өзүнө колуман келген жардамымды берип, колдоого аракет кылып келгем. Анан аягында уккан сөзүм ушул.
Мен күйөөгө тийсем ага мүйүз чыгабы же менин күйөөгө чыга электигим анын жашоосуна тоскоолдук жаратып жатабы? Эч акылым жетпей жатат. Же ага телефон чалып тийишсем бир жөн, аябай ыза болдум. 27ге чыктым, эрге тие элекмин деп өлүп алышым керек беле? Же көчөгө чыга калсам эле эр даяр турабы? Өзүнүн сиңдисине ушинтип айтканы туурабы? Былтыр эле жаман сөздөрдү уккам, анда да “бир тууганбыз, улуу эжем, жамандыр-жакшыдыр бир эне, бир атадан чыкканбыз, мындан кетсе да менден кетпесин, кичүү болгон соң ийилейин” деп кечиргем, анда да кечирим сурап да койгон эмес, эч нерсе болбогондой кабыл алган. Эми дагы деле ошол окуя, сабырым түгөнүп кетти. Буга боло берет деп ушундай мамиле кылганы туура эмес да. Болгону жездем жакшы адам, үйүндө уруш чыкпасын, балдары капа болбосун деп жездеме айткан жокмун, заарын угуп алып отуруп калдым.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.