Быйыл Орозо айы 13-14-апрелде башталат. Бир же эки күн айырма болушу мүкүн. Так датасы белгилүү болгондо маалымдайбыз.
Фитр-садаканын суммасы жана Кадыр түндүн так күнүн Кыргызстан мусулмандар Уламалар кеңеши орозо башталганга чейин билдирет.
Белгилей кетсек, ооз ачуу менен ооз бекитүү аймактарда ар башкача:
- Нарын районунда 6 мүнөт эрте;
- Каракол шаарында 10 мүнөт эрте;
- Балыкчыга 5 мүнөт эрте;
- Ош облусунда 12 мүнөттөн кийин;
- Чоң-Алайда 17 мүнөттөн кийин;
- Жалал-Абад облусунда 15 мүнөттөн кийин;
- Токтогулда 10 мүнөттөн кийин;
- Баткен облусунда 25 мүнөттөн кийин;
- Чаткалда 25 мүнөттөн кийин;
- Талас облусунда 8 мүнөттөн кийин.
Орозоңуз кабыл болсун!







