AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
20 жылдыкка баргандан уялам

20 жылдыкка баргандан уялам, себеби «газ вода» сатып иштейм. Бүтүрүүчүнүн баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Гүлбайранын орто мектепти аяктаганына туура 20 жыл болду. Классташтары жолугушууга кызуу даярданып жатышат. Бирок Гулбайра бул кечеге баргысы келбейт. Себебин Bilesinbi.kg’ге  айтып берди. 

«Жарытаарлык бир көйнөгүм жок!»

Быйыл менин 20 жылдыгым. 3 ай мурун классташ балдарымдан чакыруу баракча келген. Кече айылда болот, мектепке барып, мугалимдерге белек берип, андан кийин 3 күн жыргамай. Классташтардын баары барат. Мен да баргым келет, бирок учурдагы абалыман уялам.

Эмнесин жашырайын, базарда “газ вода” сатып иштейм.

Ватсаптан классташ кыздар өзүнчө группа ачканбыз. Ал жакка баары 3-4 көйнөк алганын, кандай макияж, маникюр жасатаарын жазышат. Сүрөттөрүн карасам аябай жаш көрүнүшөт экен. А мендечи, жарытаарлык бир көйнөгүм жок. Кайда иштээримди сурашса эмне дейм?

Күйөөм кечелерде отура албайт, башында эле ичип алып, жаңжал салат. 

Жолдошум, “баргың келсе акча таап берем”,-деди. Көйнөктөрдү кошкондо, жок дегенде 50 000 сомдой керек. Классташтарым, “барасыңбы, эмнеге унчукпайсың”,-деп күн сайын сурашат. Аларга эмне дейм? Баргым келет, бирок бара алабайм. Мага кеңеш бересизби.

Тамара Воронцова, психолог

Урматтуу айым, 20 жылдык — маанилүү күн. Бул жаштык менен жолугуу майрамы, анан албетте баргыңыз келет!

Сизде 2 тандоо бар:

  1. Кечеге барасыз, албетте жалгыз. Ал үчүн акча таап, көйнөк сатып алуу керек (же ижарага алуу, курбулардан суроо). Кайда жашап, ким болуп иштеп жатканыңызды кандай болсо, ошондой кылып айтасыз. Уялбаңыз – классташтарыңыздын баары эле министр же бизнесмен эмес. Сиз сыяктуу жашагандары да бар. Албетте, кээ бирөөлөрү калп айтып, кооздоп сүйлөп коюшу мүмкүн. Бирок жашыруун нерсе эртеби-кечпи ачыкка чыгат, кийин өздөрү эле уят болот.

Өзүңүз жөнүндө айтып берип жатып, “турмушум ушундай, бирок мен бактылуумун”,-деп, жашооңуздун жакшы жактары тууралуу сөз кыла кетиңиз: үйүңүз, балдарыңыз ж.б. дегендей.

Сиз ал жактан, “башкаларга салыштырмалуу жашоом анчалык деле ийгиликтүү эмес экен”,-деп кейип кетишиңиз мүмкүн. Бирок чындыкты эч ким билбейт, ийгилик тилекке каршы өмүр бою сакталбайт, баары үчүн акы бар, сизди табалаган адам, өзү ошол абалга түшүп калышы мүмкүн.  

Барсаңыз, кийин эстегенге сүрөттөр калат. Балким, классташтарыңыздын ийгилигине шыктанып, жаңы бизнес баштайсыз, сиз дагы жашсыз, ден соолугуңуз чын деп да ойлойм. Себепсиз эч нерсе болбойт!

  1. Жолугушууга барбайсыз, карызга батпайсыз, кийим сатып албайсыз. Жашооңуз өз нугунда кете берет – үй, жумуш, балдар. Сиз үчүн бул тандоо туура жана материалдык жактан ыңгайлуу болсо, анда эч өкүнбөңүз. Эгер чындап эле бара албай турган болсоңуз эмне болоорун элестетиңиз, мисалы, жакындарыңыз же өзүңүз катуу ооруп калды дейли.

Барасызбы эже жокпу, баары бир  — тынчсыздануу жана капалануу болот. Коркпоңуз, муну – жашоо деп коет! Тандаңыз, чечиңиз. Жүрөгүңүздү угуңуз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Насыя алуу үчүн керектүү документтер тизмеси

Насыя алуу үчүн керектүү документтер тизмеси

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.