Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын. Быйыл биринчи курска тапшырып, Бишкекке келдим. Азырынча убактылуу алысыраак туугандарымдын үйүндөмүн.
Тезирээк жумуш таап, өзүнчө квартирага чыгышым керек болуп жатат. Бирок мага 18ге толо электерди эч жака жумушка албайт, деп айтышты. Бул чынбы? Ошондо мен иштей албай каламынбы?







