Саламатсызбы! Бир тууган эжемдин кызы бар, 17 жашта, азыр мен менен жашайт. Апасы Москвада. Атасы кичинесинде кайтыш болгон. Бир жарым жашынан баштап ар кимдин колунда жүрүп чоңойду. Учурда калпты көп сүйлөйт, кайда барса аркасынан жаман сөздөр ээрчийт. Эркин койсок, көчөдө кыздар, балдар менен жүргүсү келет. Колунан телефон түшпөйт. Апасы туура эмес кылган иштерин көрүп урушат. Сиңдим «кайталабаймын, апа» деп, кайра эле өз билгенин кылат. Ичиндеги сырын эч кимге айтпайт, сырдашпайт. Кыска ойлойт. Мен синдимди кантип жакшы тарапка өзгөртсөм болот? Ал туура жолду тандоо үчүн кантип жардам бере алам?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







