Саламатсызбы! Менин 15 жаштагы сиңдим бар. Бизге ал дале кичинекей кыз сезилет. Бирок акыркы тапта көп балдар менен сүйлөшчү болду. Алар дагы өзүнөн улуу. Өзү теңдүү курбулары дагы баары кыз-жигит болуп сүйлөшөт экен. Бирөөсү таштап кетсе, бирөөсү чалып, «таанышам», «сүйөм», «күйөм» дей берет имиш. Биз ага акырын түшүндүрүп, «азыр жашсың, окушуң керек, кийин жетишесиң, мына сүйлөшпөй калганда өзүң кыйналып жатасың десек», «ооба»,- деп коюп эле кайра эле баягысы башталат. Урушуп да айтып көрдүк. Акыркы күндөрү жигиттери кечинде үйгө дагы келе баштаптыр. Он эки же бирде эшикке чыгып кетип жатат. Апам катуу урушкандан коркуп, «переходной возраст»,- деп көз жумуп коюп жатат. Кандай кеңеш бере аласыз?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







