Саламатсызбы! Үч күйөөдөн чыктым. Балким өзүм күнөөлүдүрмүн же тагдырдын жазганы ушундай. Үч күйөөм тең бири-бирине окшош чыкты. Баары тең арак ичет.
Мен болсо 30 жаштамын. Өзүм түз жүргөн, тартиптүү эле аялмын. Иним, эжелерим менен чогу турам. Бирок бир жылдан бери жалкоолук басты да калды.
Бир жолу менден 15 жаш улуу байке менен таанышып калдым. Ал бойдок, ажырашып кетиптир. Квартирада жалгыз жашайт, жакшы акча табат, өзүн эч нерседен кем кылбай карайт. Ал менен чогу жашабайм. Күндүзү үйүндө болуп, кечинде өзүмдүн үйүмө кетем. Ал адам мага керектүүнүн баарын алып берет, керек болсо айылдагы кызыма чейин камсыз кылат. Ага көнүп алгангабы такыр иштегим келбейт. Бирок ага турмушка чыкпаарымды айтам, чыккым да келбейт. Себеби ата-энемдин, туугандарымдын алдында улуу адамга турмушка чыгып алыптыр деген сөзгө калгым келбейт. Анан да ага деген сезимим жок, бирге кантип жашамак элем.
Кантип өзүмдү колго алып, андан кетип иштеп кете алам? Эмне кылсам болот? Рахмат!







