AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
14-февралда төрөлгөн уулубуздун аты Валентинбек болмок. Күлкүлүү окуялар

14-февралда төрөлгөн уулубуздун аты Валентинбек болмок. Күлкүлүү окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg 14-февраль, сүйүү күнүнө карата окурмандарынын башынан өткөн  окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул күлкүлүү баяндарды окуп, сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ишенип, маанайыңызды көтөрүп алыңыз. 

Жок жигиттен белек

Колледжде окуп жүргөн кез. 14-февралда жигити бар кыздар гүл, шоколад, мамалак алышчу. Биз жигити жоктор алардын гүлүн кармап сүрөткө түшүп, статуска киргизип калп эле “рахмат” деп койчубуз. urkuya__01

Уялчаак кыз

Союздун кези. 7-классымда бир класс жогору окуган жигит пальто чечип илген гардеробдон пальтомун чөнтөгүнө “цепочка” менен сувенир салып коюптур. Ал күнү туулган күнүм болчу. “Переменада” беш мүнөт пальтому кийип, белектерди көрүп, катын окудум. Бирок, алалган жокмун. Бетим кызарып, аалам билгенсип титиреп корктум. Уят деп ойлодум. Экинчи «переменада» бирөө уурдап кетиптир. Тиги жигит алдыбы деп курбумдан сураса, ал бирөө уурдап кеткенин айтыптыр. Үч күндөн кийин таап, кайра досунан берип жибериптир. Ошол жигиттин көзү өткөнүнө жети жыл болду. Айылдашым эле. Эх… abdrahmgula

Легенда болгон сүйүү

Мектепте өзүмдөн бир класс ылдый окуган бала кат берген. Катты ачып окусам “жакшы көрүп калдым”, “сүйүп калдым”, “кыз-жигит болуп жүрүп алалы” деген сөздөр жазылыптыр. Анан бир нерседен жүрөкчө жасап, менин атым менен өзүнүн аттын жазып коюптур. Анан мектепте экөөбүз тууралуу легенда болгон. Классташ балдары мени  “аяш” дешип, чиркин. Шакек, шоколад бергендери эсимде. vakhapova.98

Тентек кыздар

Окуучу кезде мектепте концерт уюштурчубуз. Анан аягында ящиктерге салынган каттарды алчубуз. Ошондо кыздар эле бири-бирибизге актай кагаз эле салып койчубуз. Көбүрөөк атыбыз чыксын деп. gulmairam.ab

Түш

Сүйүү күнүндө күйөөм 101 роза берди. Ресторанда олтурабыз, анан эле шаарлар асмандан түшүп, свет өчтү.  Ортодо күйөөм гүл кармап турат. Ойгонсом баары түшүм экен. dinara96238

Валентинбек

Мен 2013-жылдын 14-февралында уулду болгом. Анан кандай ысым койсок десем, эжем “Валентинбек койболубу”,-деп күлдү. Ошол күн мага эң чоң белек болгон. Уулум 14-февралда сегиз жашка чыгат. Атын болсо “Даниль” деп койдук. yntymakdancho

Мыкты күйөө

Бойдок кезде такыр майрамдаган эмесмин. Турмушка чыктым. Мен студент, жолдошум болсо иштейт. Дал ошол маалда жумуш жакшы жүрбөй, болгон акчабыз тамак-аштан артпай жаткан. 14-февралда “Майрамың менен!”- деп, күйөөм бир роза гүлүн көтөрүп келген. Ошол кездеги сезимимди эч унута албайм. alinakurmambekovna94

Жылдыз кыздар

Мен 3-класста  орус класстан, кыргыз класска которулуп келгем. Курбум экөөбүз класста жылдыз болчубуз. Экөөбүздү эки дос бала жакшы көрчү, алардын бизди жакшы көргөнүн бүт баары билишчү. Классташтар, үйдөгүлөр, жадакалса мугалимдер. 14-февраль күнү мени жакшы көргөн бала гүл менен шоколад, курбумду жакшы көргөн бала гүл көтөрүп келиптир. Мугалимдер сабак учурунда тургузуп, бизге окуучулардын алдында каалоо тилек айттырып бердиришкен. «Азыр сабактан кийин албай кетип калышат, бол азыр бергиле»-дешкен. farida_pirmankulovna_

Таштандыга салынган каттар

Класста кимге көп кат келсе, ошол авторитет эле. Кимге канча кат келиптир деп бири-бирибиздикин сурап эле жүрчүбүз. Бир жылы мага көп келген. Анан бирин дагы окубай, баарын каратып туруп таштандыга салып койгом. Анын ичинде күйөөмдүн жазган каты дагы бар болчу экен. Азыр баарын окуп чыксам эмне болмок деп өкүнөм. smysl_jizni123

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эки айыл жөө басып мага тамак ташыган кайын энеме рахмат

Эки айыл жөө басып мага тамак ташыган кайын энеме рахмат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.