Саламатсызбы! Мен жаңы тушмушка чыктым. Күйөөм менен 10 күн сүйлөшүп турмуш курдук. Баары намаз окуган, ата-энеси да динден кабары бар адамдар экен дешкен. Бир айдан соң баары башталды. Кайын энем башка кыз алышмак болчу экенин айтты. Кайын атам тойго кымбат көйнөк кийгенимди айтты. Тойго кеткен чыгамдардын баарын мага жүктөштү. Көп өтпөй күйөөм ортобуздагы сөздөрдүн баарын кайын-журтума жеткирип турарын билдим. Кайын сиңдилерим, кайын эжелерим аны-муну айтып уруша беришти. Күйөөм алар тарапта. Көз жаштан бошобой калдым. Бир күнү жок жерден күнөөлөштү эле чыдабай ата-энемдин үйүнө келе бердим. Ажырашайын десем эки айлык боюмда бар. Барайын десем күйөөмдөн көңүлүм калды. Эмне кылсам болот?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







