Өзүмдү-өзүм жактырбайм. Сүйүүнү, мээримди, көңүлдү талап кылам. Кыйынчылыкка чыдамымым жок, жалган сүйлөйм. Кинодогудай жашоону кыялдана берем. Жашоонун терс жактарын гана көрөм. Жашоомду кантип өзгөртсөм болот?
// //

Айгүл Ысыкеева
Психолог
Кымбаттуум, бала кичинесинен көп сынга кабылса, башкаларга салыштырылса, анда ал “мен жаманмын” деген ишеним менен өсөт. Мындай ишеним чоңойгондо дагы кала берет. Бирок, сиз күчтүүлүк кылып, аны жеңип чыга аласыз.
Интериоризация деген процессти билесизби? Бул сырттагы нерселерди ички ишенимге айлантат. Ата-эненин ордуна өзүңүздү-өзүңүз сынап, жемелеп турасыз. Бул менен кошо “менин эч кимге керегим жок” деген сезим пайда болот. Ошол үчүн сиз сүйүүнү, мээримди талап кылып, бирөөнүн көңүл буруусун каалап жатасыз. Өзүңүздү жемелөөнү токтотуп, анын ордуна дем-күч бериңиз. Өткөн убакытка, андагы сезимдерге кайрылбай, жашоонун жаңы барагын ачыңыз.
Албетте кинодогудай жакшы жашоону, кыялданыңыз, ага жетүүгө аракет жасаңыз. Сиз күчтүү, тайманбаган адам болууга милдеттүүсүз! Мен сизге ишенем.