// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жашоомдун маңызы жок

Кээде жумуш кылгым келбейт, кээде майын чыгара жасайм. Мактоону жакшы көрөм. Мени гана мактап турушса  дейм. Жоопкерчиликти сезбейм.  Ойлорум чачыранды, ички дүйнөм тынч эмес. Жашоом жөн эле өтүп жаткандай. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
29.05.2018, 14:10

Айгүл Ысыкеева

Психолог

Билесизби, жоопкерчилик – бул туруктуулук, бир же көп адамдардын социалдык институттар менен сүйлөшүүсү жана ал сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы. Жан дүйнөдөгү коркунуч сезимдери туруктуулукка жол бербесе, жоопкерчилик калыптанбай калат. Билип, түшүнүп турса дагы күмөн саноо башталат. Туурабы же туура эмеспи деген суроолор көп болот. Көп учурда күмөн саноосу күчтүрөөк болсо, иштин баарын тескери жасайт.

Өзүңүзгө жардам берсеңиз болот. Ал үчүн:

  • “Мүнөзүмдү өзгөртөм” деген чечим кабыл алыңыз;
  • Өзүңүзгө кандайдыр бир пландарды жазып алып, аткарганга аракет кылыңыз;
  • Пландарды орундатууда кандай сезимдер тоскоол болуп жатканын анализдеңиз;
  • Сага кимдин колдоосу жардам болуп жатканын байкаңыз;

Дайыма өзүңүзгө “Сен жакшы адамсың, сен өзүңө ишен, жүрөгүңдү ук, адашсаң оңдоп койсоң болот” деген сөздөрдү айтып туруңуз. Балким бул жөнөкөй сөздөр болушу мүмкүн, бирок жардамы чоң. Ийгиликке жетсеңиз, өзүңүздү мактап, колдоп коюңуз. Эч качан башкалардын мактоосуна жана колдоосуна көз каранды болбоңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт