// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жолдошумдун ойношу бар

Менин жолдошумдун башка аялдан бир баласы бар. Ойношубу же ортолорунда никеси барбы так билбейм. Бирок, күйөм "сени менен жашайм, тиги балага жардам берип турам" деди. Мен эмне кылышым керек?

Эксперттин жообу
21.05.2018, 09:39

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, жолдошуңуз экөөңөрдүн ортоңордо никелешүү жөнүндө күбөлүк барбы, никеңиздер мыйзамдуу түрдө катталганбы? Андай болсо, сиз анын мыйзамдуу жубайысыз. Эгер күйөңүз сизди урбаса, зомбулук кылбаса, аны жактырсаңыз үй-бүлө катары чогуу жашай бериңиз. Балдарыңар бар болсо, жолдошуңуздун мыйзамдуу балдары болуп эсептелет. Ал силерди багууга жана кам көрүүгө милдеттүү. Башка аялдан төрөлгөн балага жардам берип турууну чыр-чатаксыз чечүүгө аракет кылыңыздар. Бардык чечимдерди кабыл алууда жүрөгүңүздү угуп, акыл менен кеңешип, мыйзам чегинде аракеттениңиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт