// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жумуш издеп барсам сойкукана экен

Жумуш издеп бир жерге баргам. Алдын ала чалып сүйлөшкөнбүз. Алар мага массаж жасаганды үйрөтөбүз дешкен. Айткан дарегине барсам, интимдик кызмат көрсөтүүчү жер экен. Аларга бойго жете элегимди жана кыз экенимди айтып кетип калдым. Кетээримде “ биздин даректи эч кимге айтпа” деп суранышты. Муну кимге айтсам болот? Милицияга билдирсем, алар кандай чара колдонушат?

Эксперттин жообу
18.05.2018, 10:24

Назира Абдумуминова

Юрист

Урматтуу суроо берүүчү, сойкулук менен алектенген уюмдарды ачуу жана камсыздоо Кыргыз Республикасынын "Кылмыш Жаза" кодексинин 261-беренесине ылайык мыйзам тарабынан жазаланат. Сиз көргөн, билгендериңиздин баарын арызга көрсөтүп, укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.  Төмөндөгү беренелерден кандай жазага тартылышы мүмкүн экендигин билип алууга мүмкүн.

261-берене. Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү

(1) Башка адамдардын сойкулук жасоосун уюштурууга багытталган, ага тете эле сойкулук жасоо үчүн жайларды күтүүгө багытталган жосундар же сойкулук жасоо үчүн жайларды туруктуу берүү, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:

1) өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан;

2) зордук кылуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса,- эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамды азгырып тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ошол эле жосундар жаш адамды азгырып тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ошондой эле, текшерүү учурунда алдамчылык аркылуу же дагы башка жол менен сойкулук кылууга тартуу аныкталса, анда бул үчүн күнөлүү адамдарга кылмыш иши козголот. Айтылуу кылмыш бөлүгүн камтыган берене төмөндө көрсөтүлдү.

260-берене: Сойкулук кылууга тартуу

(1) Күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу - эсептик көрсөткүчтөрдүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамга карата жасалганда, -беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, - он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт