// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Хиджаб салынсам прокурор боло аламбы?

 

Мен 17 жаштамын. Окууну бүткөндөн кийин юридикалык академиянынпрокурор жагына тапшыруу ниетим бар. Жакын арада хиджаб салынайындегем. Кийин окууну бүтүп иштесем, ошол хиджаб менен прокуратурага жумушка орношо аламбы?

 

 

Эксперттин жообу
02.02.2018, 12:07

Рита Карасартова

Укук коргоочу

 

Биздин Кыргызстанда мыйзамдар кандай иштээрин билесиз. Дискреминация жок дегени менен, мамлекеттик жумуштардын атайын кызматтык кийимдери бар. “Иштегиңиз келсе, ошондой жүрөсүңөр” деп коет. Айласыздан тандоого барасыңар. Сиз прокуратура жагына тапшырам деп жаткандыктан, кийин окуңузду бүтүп, прокуратурага бара турган болсоңуз, алардын шартына башийип, кыңк этпей иштейсиз. Бул нерсени система деп коет. Оба, мыйзамда жок. Бирок бул боюнча бир жакка кайрыла турган болсоңуз сизге атайын айыптарды коюп жумуштан алып салышат.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт