Мен мектеп окуучусумун, Ошто жашайм. Кантип ыктыярчы болсом болот?
// //
Мен мектеп окуучусумун, Ошто жашайм. Кантип ыктыярчы болсом болот?
Ыктыярчы – аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, пенсионерлерге, кары картаңдарга, үйсүз калгандарга жана башка социалдык жардамга муктаж болгон адамдарга өз эрки менен жардам берүүчү адам. Ал кылган иши үчүн матиралдык сыйлык же акча албайт. Эчким аны бекер иште деп да мажбурлабайт жана ал ар бир адамдын өз эрки макулдугу менен болот.
Төмөнкү багыттарда ыктыярчы боло алышат:
Ыктыярчылар - коомдук, социалдык уюштуруу чөйрөсүндөгү иш-чараларга керек.
Алар менен биргеликте бир нече багытта иш алып барышат.
Кары-картаңдарга, майыптарга, жетимдерге жардам берүү;
Алар өздөрүнө көңүл бурдурууну каалайт, кичине нерсеге капа болуп таарынат, мына мунун баарына ыктыярчы болуп ага жардап берүүнү каалаган гана адам чыдап жардам берет. Баарына чыдап аларга ачык маанай тартуулап, кубандырган баарынан баалуу.
Жаныбарларды коргоо;
Көчөдө калган, жарадар жаныбарларга жардам беришет. Жоголуп кеткен болсо аларды издөөгө, жарнамаларды жарыялоого жардамдарын сунушташат.
Жаратылышты коргоо;
Айлананы жашылдандырууда, ишембиликте жардам берүү жана айлананы булгаган таштатандыларды тазалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү.
Жашоочуларды сергек жашоого чакыруу;
Ар кандай пайда берүүчү баракчаларды таркатуу.
Кантип ыктыярчы болсо болот:
Сен ыктыярчы болууну чечтиңби, бирок кантип болууну билбейсиңби анда төмөнкү кеңештер сага жардам берет.
Байкагандай эле ыктыярчы болуп иштөө кадимки жумуштардан айырмаланат, бирок бул да чыныгы жумуш. Иштөө үчүн психикалык күч, берилүү, аракет жана эрежелерди аткаруу талап кылынат.
Сыйлык катары: