Менин Алмаз жана Бакыт деген эң мыкты досторум бар. Бири-бирибиздин жакшы-жаманыбызга чыдап, достугубузду ушул убакка чейин сактап келдик. Мен жакында өз теңим менен үй-бүлө күтөм. Учурда кайсы досумду күйөө жолдош кылсам деп убайым тартып жатам. Экөө тең мага “мен сени күйөө жолдош кылам” деп айткан. Алмазды тандасам Бакыт досумдан ажырайм, Бакытты тандасам Алмаздан. Кеңеш бериңиздерчи кимисин тандайм?