// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Дос балам менен кошулуп койдум

Дос балам менен кошулуп койдум. Мен аны көптөн бери тааныйм, жакшы жана жакын достордон элек. Болгон окуядан кийин сүйлөшпөй калдык. Эмнегедир өзүмдү ушунчалык жек көрүп жатам.

Эксперттин жообу
15.05.2018, 09:29

Тынчтык Бакытов

психолог

Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн чоң рахмат! Балким экөөңүздөрдүн ортоңордо болгон жыныстык катнаш кийин сизде күнөлүү сезимдер ойгонду. Бирок бул нерсени мен так айта албайм. Себеби менде сиздин абал тууралуу толук маалымат жок. Маселеңизди чечүү үчүн сиз менен жолугушуу керек.

Сизге төмөнкү суроолорду бермекчимин:

  • Экөөңүздөрдүн ортодо достук гана мамиле бар беле же жигит-кыз катары дагы жүрчүңүздөр беле?
  • Жыныстык катнашка баруу кимдин демилгеси болчу?
  • Жыныстык катнашка өз каалооңуз менен бардыңызбы?

Биздин коомдо көптөгөн чектөөлөр бар. Ымыркай кезибизден тарта ата-энебиз “эл эмне дейт?”, “уят болот”, “балдар менен сүйлөшпө” деген сөздөрдү айтып тарбиялайт. Ошондуктан чоңойгондо деле биз бул сөздөрдү бузуп койдук деп өзүбүздү күнөлүү сезебиз. Мунун баары биздин тарбияга же коомдук нормаларга дал келбей калган үчүн өзүбүздү айыпкер сезишибиз мүмкүн. Бүгүнкү күндө жыныстык катнашка баруунун  эч кандай уяты жок экенин билиңиз. Сиз өз тагдырыңыздын кожойкесисиз! Досуңуз менен сүйлөшүү үчүн аны ачык диалогго чакырыңыз. Балким, ал да сиздей болуп уялып, өзүн айыптуу сезип жаткандыр. Ортодогу мурунку мамилени жандандыруу үчүн биринчи кадам таштаңыз. Сүйлөшүүдөн кийин мамилени улап кереги барбы же жокпу өзүңүздөр тактап билип аласыздар. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт