// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Эмне себептен менин жигитим жок?

Жашым 21 де, бюджетте окуйм жана иштейм. Чачым узун, дене түзүлүшүм мыкты, келбетиме дагы ыраазымын. Социалдык түйүндөрдү пайдаланбайм. Кызыгы менин жигитим жок. Эмне себептен?

Эксперттин жообу
13.05.2018, 12:13

Тынчтык Бакытов

психолог

Сиздин бюджетте окуп жана өзүңүз каражат тапканыңыз абдан мыкты нерсе, анткени баардык студенттер эле мындай жетишкендиктерге жетишпейт. Өзүңүздүн келбетиңиз менен суктанганыңыз дагы жакшы.

Эмне себептен менин жигитим жок? – деген суроого өзүңүз жооп беришиңиз керек. Мен сизге кийинки суроолорду бермекчимин:

  • Сиз 21 жашка чейин кандайдыр бир мамилеңиз болгонбу?
  • Эмне үчүн сиз жигиттин болушун каалап жатасыз?
  • Үй-бүлө кургуңуз келеби же жөн гана жигитиңиз болуусун каалайсызбы?
  • Сизге кандай жигиттер жагат?

Ой жүгүртүүңүздү өзгөртүп: “эмне себептен менин жигитим жок?” дебестен, “ал мага эмне үчүн керек?” деген суроого жооп бериңиз. Ар бир адамдын идеалы ар кандай жана максаттары бири-бирине окшошпойт, ошондуктан кээ бирөө мамилени эрте түзөт, кээ бирөө такыр түзбөй дагы коёт.

Биздин коомдо 18 жашка чейин мамиле түзгөн кыздарды жаман көрүшүп, “адепсиз” деп айтып калышат, а бирок 18 ден кийин мамиле жок болсо таң калышат. 20 дан ашканда күйөөгө тий, үй-бүлө кур деп кыйнашат. Эң негизгиси сизге жигити/мамиле жок жүргөн жакса, сиз эч кимдин оюн укпаңыз, а эгерде сиз өз каалоңуз менен жигиттер менен мамиле түзгүңүз келсе эч качан уялбаңыз.

Өзүңүз кабыл алган чечим ар дайым туура болот!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт