// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кыздар менен таанышканды билбейм

Мен бир кызды жактырып калдым. Ал 9-"А"класста, мен 9-"В" класста окуйм. Мен кыздар менен эч таанышып көргөн эмесмин. Сүйлөгөндөн сүрдөйм. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
11.05.2018, 13:40

Гүлзина Мадраимова

Психолог

Кымбаттуум, сүйүү деген-бул бир башкача сезим. "Сүйүү менен күчүк көр төрөлөт" деген сөз бар. Айтайын дегеним үйдөн даярданып, бүгүн сөзсүз сезимимди билдирем дегенде күндө дагы, алдына барганда баарын унутуп калышың мүмкүн. Себеби сен эле эмес, канча гана жашта болбосун сүйүүгө кабылган адамдар, сүйгөндөрүнүн алдында   айтчу сөзүнүн баарын унутуп калышат. Андыктан сен, сөз сүйлөй албайм деп өзүңө болгон бааны эч качан түшүрбөгүн. 

Биринчиден, мектептеги сүйүү-бул эң таза сезим. Себеби сен ал байдын кызыбы, акчасы барбы деген нерсеге көңул бурбай эле, ал кандай болсо ошондой жакшы көрөсүң. Сүйүүнүн дагы түрлөрү бар.

Сага айтаарым, айтчу сөзүңдү камдап,  эмнеге кызыгат алдын  ала билип алсаң жакшы болот. Эгерде ортоңордо бирдей кызыкчылыгыңар бар болсо сөздөн-сөз чыгып, улана берет. Эгерде жалпы кызыкчылык, тема болбосо анда сүйлөшүү кыйынга турат. Сага ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт