// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Телефонго болгон көз карандуулуктан арылуу жолу

Менин жашым 17 де. Мен күндөн-күнгө телефонго көз каранды болуп баштадым, керек болсо түнкү саат 2-3 чейин интернетте отурам. Бул көйгөйдөн кантип арылсам болот?

Эксперттин жообу
10.05.2018, 15:31

Тынчтык Бакытов

психолог

Биринчиден телефонго көз каранды болгонуңузду байкаганыңыз абдан маанилүү.

Бул көйгөйдү чечиш үчүн сизге суроо:

  • Күнүнө канча саат колдоносуз?
  • Телефон аркылуу кандай иштерди бүтүрөсүз?
  • Социалдык тармактарды колдоносузбу же жөн гана сүйлөшөсүзбү?

Ар бир адам жашоосунда катачылыктарды кетирет, бирок аларды оңдоп кетүү өзүнүн колунда. Сизди келечекте Жогорку окуу жай, жаңы достор, башкача жашоо күтүп турат, андыктан эрктүү болуп телефонду ашыкча колдонгондон баш тартыңыз. Азыркы учурда сиз мектеп окуучусу болгондуктан сабакка көбүрөөк көңүл буруш үчүн телефон колдонуу убактыңызды чектеп коёт. Ал эми билимди жакшы албасаңыз келечекти көрүү оор болот. Күнүнө 2-3 саат колдонуп калган убактыңызды сабакка жумшасаңыз, ошол эле учурда сабактарды телефон аркылуу дагы кызыктуураак аткарсаңыз эмнеге болбосун?

Телефонду көп колдонуунун бир нече терс таасирлери бар:

  • Көздүн кургашына алып келет;
  • Уйку бузулуп, түн ичинде уктай албай калышы мүмкүн;
  • Баш жана арканын оорусуна алып келет;
  • Көңүлдүн бузулушуна жана концентрациянын жоктугуна ж. б.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт