// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жумуш таап бергилечи кыйналып кеттим

Мен 18 жаштамын. Сырттан окуйм. Ата энем айылда, туугандарымда жашайм. Алар ичип жегенимден өйдө аңдып турушат. Кайда барбайын жашсың деп жумушка албай жатышат. Кандай жумушка орношсом болот?

Эксперттин жообу
01.02.2018, 10:11

Бактыбек Усупбеков

Бишкек шаардык калкты жумушка орноштуруу башкармалыгынын башчысы

 

 

Эгерде жумушка орношо албай жатсаңыз, анда жашап жаткан жериңиз боюнча атайын калкты жумушка орноштуруу башкармалыктарына кайрылыңыз. Ал жерде түрдүү бош вакансиялар боюнча кененирээк маалымат алсаңыз болот. Ошондой эле өз ыңгайыңызга карап, ылайыктуу жумуш таба аласыз. Эгер шаарда болсоңуз, бизге келсеңиз жардам беребиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт