// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кызганычтан арылуу жолдору

Жигитим менен мамиле куруп келе жатканыма эки жарым жылдай болду. Ортодон урушуп, таарынышып кайра жарашып жүрдүк. Ал 9-“в” класста, мен 9- “б” класста окуйм. Анын Айганыш деген классташ кызы бар, ал дагы менин жигитимди жакшы көрөт. Майрам күндөрү ар бир класс өз-өзүнчө кече уюштурат, ошол күндөрү Айганыш экөө чогу жүрүп, вальс бийлешет экен. Аны угуп алып мен аябай кызгандым. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
04.05.2018, 15:21

Тынчтык Бакытов

психолог

Сиз азыр жашоонун эң маанилүү этабынан өтүп жатасыз. Бул куракта көп өспүрүмдөр мамиле түзгөндү, сезимдерин башкаларга тартуулаганды үйрөнүшөт. Менин түшүнгөнүм боюнча сиздин жигитиңиз башка кыз менен бийлегенин өзүңүз көргөн жоксуз, ошондуктан кызгануунун эч кереги жок.

Кызгануудан арылуу жолдору:

  • Өзүңүздүн көңүлүңүздү башка иштерге бурсаңыз болот (окуу, жумуш, хобби);
  • Эмне болуп жатканын талдап, жеке каталарыңызды байкасаңыз болот;
  • Жашоо мүнөзүңүздү өзгөртүп, өз жашооңузга жаңы кызыкчылык киргизиңиз, жаңы маалымат, жаңы досторду жана көптөн бери каалап келген кыялыңызды ишке ашырыңыз;
0
Пайдалуу жооп
M
Mirbek Aitpekov
31.08.2018, 00:47

Саламатсыздарбы, жогорудагы кызганыч тууралу берилген маалыматтарыныз,менин жашоомдо эмне болуп жатса баары топ келишип жатат.Демек менин бере турчу суроомо тушунсонуздор керек,эми эмне кылсам болот?

0
Пайдалуу жооп
М
Минара
25.07.2019, 01:18

Менин бир уул бир кызым бар жана эн сонун жолдошум бар. Мен ошол жолдошума турмушка чыкканыма суйуном анткени ал сонун адам. Бирок мен аны ото кызганам башка менен журуп кетпесе экен деп. Себебин билбейм мумкун мен уйдо балдар менен уйдо отурган учунбу деп ойлойм.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
04.09.2019, 01:52

Менин жигитим бар мен аны дайыма кызгана берем ал айтып тушундуруп турса да себепсиз кызганып журом кыйналып жатам ал да мени каттуу кызганарын айтат бирок мен ишене албайм мага ал коп кыздар менен конул ачып жургондой сезиле берет эмне кылсам болот 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт