Намаз учурунда көз жаш чыгарып, чын ниетиңден дуба кылса кабыл болот деп билем. Бирок, ыйлаганда мурдума суу келип кетет. Ошол учурда даарат бузулуп калбайбы?
// //
Намаз учурунда көз жаш чыгарып, чын ниетиңден дуба кылса кабыл болот деп билем. Бирок, ыйлаганда мурдума суу келип кетет. Ошол учурда даарат бузулуп калбайбы?
Улан Усупов
теолог
Намаз - эң улуу шүгүрчүлүк, ибадат болуп эсептелинет. Намаз учурунда мурдуңа суу келсе, мурдуңан суу акса даараты бузулбайт. Ый адам баласын Жаратканга жакындатат, жан дүйнөнү тазартат, ыйманды бекемдеп, ыкластуулукту күчөтөт. Пенде намаз окуп жатканда, намаздан кийин дуба кылып ыйлап Жаратканга жалбарышы мүмкүн. Бул болсо мусулмандарды суктандырган сонун көрүнүш.