// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кош бойлуу учурундагы депрессия

Мен учурда 22 жаштамын. Турмушка чыкканыма 9 ай болду. 6 айдан бери Москвада турам,  жолдошум иштетпегенине байланыштуу үйдөмүн, 4 айлык боюмда бар. Үйдө отура берип жалгыз зэригип, депрессияга түшүп калган сыяктуумун. Жашоодогу максатымды, эмне каалап, эмне кылаарымды билбейм.

Эксперттин жообу
01.05.2018, 17:09

Айгүл Ысыкеева

психолог

Кош бойлуу болгон учурда көпчүлүк айымдар депрессия болот. Төрөгөндөн кийин дагы депрессияга кабылат. Мындай абал кадимкидей эле көрүнүштөрдүн биринен. Бирок депрессия болуу курсактагы бала үчүн зыянын тийгизип коёт. Биринчиден сиз өзүңүздү алаксытканга аркет жасооңуз абзел. Мисалы күлкүлүү кино көрүңүз, китеп окуңуз же шаар аралап сейилдөөгө чыгыңыз. Эгер сиз өзүңүзгө жардам бере албасаңыз жолдошуңуздан же жакындарыңыздан тартынбастан жардам сурашыңыз кажет. Мүмкүн жолдошуңуз сиздин депрессиядагы абалыңызды билбей жаткандыр. Ачыгын айтсаңыз жарыңыз дагы жардамын берээр.

Ал эми жашоодогу максатты табуу үчүн эмен кылуу керек?

Ак баракка ойлогон тилек, максаттарыңыздын баарын жазып чыгыңыз. Эгер сиз ойлогондой болбосо башка адамдар менен пикир алышып алардын максаты кандай экенин билсеңиз сизде дагы өзүнөн-өзү максат пайда болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт