// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Эки кызым эки жакта

Азыркы учурда күйөм экөөбүз чогу жашабайбыз. Ачуусу менен “мен сени менен жашабайм” деген, азыр болсо “кайра жашайбыз” дейт. Биздин бирге болушубузга жолдошумдун туугандары каршы. Ортобузда болсо эки кызыбыз бар, ал экөө эки жакта. Эмне кылышыбыз керек?

Эксперттин жообу
01.05.2018, 15:24

Айгүл Ысыкеева

психолог

Балдарыңардын бирге өсүп чоңоюшуна шарт түзүп бере албаган жоопкерчиликтин жоктугун билдирет. Үй-бүлө болуп туруп өзүңөрдүн көйгөйдү чече албайсыңар, ошол себептен улам жашооңорго туугандар аралашып жатат. 

Сен алгач төмөнкү суроолорго жооп изде:

  • Мындай жашоо мага эмнеси менен керек?
  • Мындан ары жашоом ушул боюнча уланса эмне табам, эмне жоготом?
  • Күйөм менен келечекте бирге боло аламбы жана бирге болуу керекпи?
  • Балдарымдын келечеги кандай болот?

Бул суроолорго жооп берип жана дагы жолдошуң менен биргеликте алдыда боло турган жашоону кеңешип чечим чыгарасың деген ойдомун.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт