// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Котормочу болгум келет

Келечекте котормочу болгум келет. Канча упайдан баштап гранттык орундарга илинсе болот?

Эксперттин жообу
30.04.2018, 13:52

Кудайберди Кожобеков

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары 

 

Урматтуу суроо берүүчү, котормочу болгуңуз келсе ЖРТдан милдеттүү түрдө негизги тест менен кошо англис тилин тандооңуз зарыл. Гранттык орундарга илингиси келген бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдан алган упайы 110дон жогору болушу керек. Маалыматтар боюнча бюджеттик орундарга педагогика, физика-математикадан тышкаркы багыттагы адистиктерде конкурс өтө жогору болот. Эгерде окуу жайда бир адистикке беш эле орун бөлүнгөн болсо ага жогорку упай алгандар гана өтөт. Андыктан сизге ийгилик каалайбыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт