// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кайын энем биздин жашоого аралашат

Кайын энем менен кайын сиңдим жолдошум экөөбүздүн жашообузга аралаша берет. Мени жолдошума жамандап экөөбүздү уруштурат. Анан ажыраштырам акыры силерди деп аракеттерди кылат, жолдошум эки ортодо калды. Мыйзам боюнча кайын энеме тыюу салып эскертүү жасаса болобу? Кайда кайрылам?

Эксперттин жообу
23.04.2018, 15:15

Нурислам Раимжанов

юрист

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамынын негизинде сиз коргоо ордерин алсаңыз болот, ал үчүн сиз милицияга арыз менен кайрылууңуз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт