// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Таштаган баламды сагындым

Бир жарым жылдан бери аябай кыйналып кеттим. Балким өзүм күнөөлүмүн же тагдырдын жазмышы. Мындан туура бир жыл мурун уулду болуп, аны өзүм теңдүү 21 жаштагы кызга берип койгом. Анткени аны никесиз төрөгөм. Жигитим башка кызга үйлөнүп алган. Айласыздан үй-бүлөмдөн жашырып, баласыз үй-бүлөгө бергүүгө мажбур болдум. Бирок мен баламды аябай катуу жакшы көрөм. Төрөгөндө палатада 3 күн бирге болдум. Эч элесимден, көз алдымдан кетпейт. Жытын эңсейм, кусага батып кыйналып кеттим. Баламды берип жатканда мага көрсөтүп турууга сөз берген. Азыр сүрөттөрүн гана жиберип турат. Бирок такыр балама жолотпой койду. Мен эми эмне кылам? Балам чоңойгондо мени кечириши үчүн эмне кылышым керек? Келечегим кандай болот? Кийин турмушка чыгып калсам, балам жөнүндө айтышым керекпи?

Эксперттин жообу
06.04.2018, 16:36

Тамара Воронцова

Психолог

Мындай көрүнүштөр ар бир кылымда болуп келген жана боло бермекчи. Сүйүүгө мас болгон кыздар жигиттердин ар бир айткан сөзүнө ишене беришет, ал эми жигиттер болсо кылган аракетине жоопкерчилик алганга үйрөнгөн эмес. Жигитиңиз дагы сиз сыяктуу коркоктук кылыптыр. Абал абдан оор экен. Ата-энеңиз сизди ушунчалык катуу коркунучта чоңойтту беле? Аларга айтып, адамгерчиликтүү болуудан коркуптурсуз, ал эми никесиз жыныстык катнашка барып, баладан баш тартып коюуну нормалдуу деп эсептейсизби? Бул нерсе ата-эненин жакшы тарбия бергенинен кабар береби? Мындай тарбиялоо жакшы жыйынтык бербейт! Ата-энеңиздин алдындагы коркуу убакыттын өтүшү менен жек көрүүгө айланат. Өзгөчө бул процесс жашооңуз сиз каалагандай болбой калса тездейт. Ар бир эне кыздарын тарбиялап жатканда “ кымбаттуу кызым, сени менен эмне гана болбосун мен сени түшүнөм жана колдойм” деп айтышы керек. Төрөп коюу күнөө эмес, ал эми баланы таштоо өмүр бою жүрөгүңүздү ооруткан күнөө болуп кала берет. Эң жакшы жана мыкты чечим: сиз апаңызга айтышыңыз керек эле, урушса урушкандыр, бирок бир нерсе ойлоп тапмаксыңар. Мүмкүн ата-энеңиз багып алмактыр. Же болбосо туугандарыңыздын бирине бермектирсиз. Варианттар көп. Баарынан мыктысы- бул менин балам деп айтуу! Бирок сиз балаңызга чыккынчылык кылдыңыз, азыр дагы кылып жатасыз. Себеби бүгүнкү күндө дагы ата-энеңизге айтып, балаңызды алуунун аракетин көргөн жоксуз. Сизге баарынан эмне кымбат? Эл эмне дейт дегенби, уятбы же балаңыздын сүйүүсүбү? Баланы кайтарып алса болот бирок, кыйынчылык жаратат. Сиз баланы берип жатканда баш тартуу арызын жазгансызбы же акча алдыңыз беле? Багып алган кыз балаңызга мээрим төгүп чоңойтуп жаткандыр. Багып алуу сыры баланын кызыкчылыгы үчүн мыйзам тарабынан корголот. Андыктан жактоочулардын көбү бул ишти албайт болуш керек.

Жыйынтыгында сизде эки жол бар:

Биринчиси- ата-энеңизге айтып, төрөттөн кийинки стресске шылтоолоп баланы кайтырып алууга аракет кылуу. Бул үчүн эркиңиз жана балаңызга деген сүйүүңүз жетеби?

Экинчиси- унутуп, сүрөттөрүн албай, жолугууга аракет кылбоо. Сиз азыр бул жолду тандаптырсыз. Албетте, келечектеги күйөңүзгө бул нерсени айтуунун кажети жок. Ошондой эле сиз балам мени кечиреби деп жатасыз. Ал сиздин эмнеңизди кечириши керек. Коркоктугуңуздубу же чыккынчылыгыңыздыбы? Кантип түшүндүрөсүз? Же жетим болбосоңуз, же кембагал болбосоңуз. Ага эмне деп айтасыз? Жакшысы багып алган апасы чоңойто берсин, бактылуу болушсун. Жашооңузду жаңы барактан, балаңыз жок эле баштаңыз. Сизге абдан кайгырып турам. Болочоктогу балдарыңызды чыккынчы болбогонго, коркпогонго үйрөтүңүз. Сизге жан дүйнө тынчтыгын жана бакыт каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт