Мен 18 жаштамын. 2 жылдан бери насвай чегем. Кантип таштасам болот?
// //
Мен 18 жаштамын. 2 жылдан бери насвай чегем. Кантип таштасам болот?
Үсөнов Өскөнбай
Нарколог
Насвай организим үчүн өтө кооптуу зат. Адамдын нерв системасына терс таасирин тийгизип, эс тутумун бузат. Ойлонуу, аң сезим начарлайт. Тиштердин курамын бузуп, коркунучтуусу ооз көңдөй рагына алып келет. Ар бир адамдын организими ар башка. Ошол себептүү дарылоо курсу дагы ар кандай болот. Насвайга болгон көз карандуулук, чылымдан дагы күчтүү. Өз алдынча арыла албайсыз. Жаш экенсиз, кеч боло элегинде наркологдорго кайрылсаңыз, насвайдан арылууга жардам беришет. Болгону ички кан тамырга бир ийне сайылат.