Мени досторум өздөрүнөн бөлүп койгон. Себеби мен мектептин президентимин жана алдыңкы окуучусумун. Алар болсо үстүмөн күлүп, ар кандай сөздөрдү таркатышат. Эмне кылсам болот?
// //
Мени досторум өздөрүнөн бөлүп койгон. Себеби мен мектептин президентимин жана алдыңкы окуучусумун. Алар болсо үстүмөн күлүп, ар кандай сөздөрдү таркатышат. Эмне кылсам болот?
Кундуз Оморова
Балдар психологу
Бул жерде өзүңүздүн мүнөзүңүздү, жүрүм-турумуңузду жакшылап карап чыгышыңыз керек. Биринчи орунга сабакты эле кое бербестен, балдар менен дагы мамиле түзгөндү үйрөнүү зарыл болот. Балдарга жакшы мамиле кылып, жардам берип жүргөн адамда мындай учурлар кездешпейт. Кээде өзүмчүлдүктөн, бой көтөрүүдөн бул сыяктуу окуялар жаралышы мүмкүн. Андыктан сиз эки тарапты тең жакшылап анализдеп, мамиле курганды үйрөнүңүз. Сиздин колуңуздан келээрине ишенем.