Мен медицина институтунда 1-курста окуйм. Классташтарым көп деле окутпаган, билим деңгээли төмөн окуу жайларга тапшырышкан. Азыр болсо алар өздөрүн карап, сулуу болуп калышты. Мен болсо өзүмө караганга убакыт жок. Эмне кылсам болот?
// //

Кундуз Оморова
Психолог
Сен үчүн баалуулук жана кызыгуу билим алуу болсо, анда туура жолдо бара жатасың. Өзүңө кам көрүү, сулуулугуңа көңүл буруу өз колуңда. Күнүмдүк жашоо тартибиңен өзүңдү караганга 15-20 мүнөт убакыт бөлүп койсоң жетиштүү болот. Кийин бул нерсе туруктуу болуп, адатка айланып калат.