Жигитимди ата-энем менен тааныштырсам, ата-энем аны Жалал-Абаддык экен деп, мамилебизге каршы болуп жатышат. Жигитимди аябай жактырам, бирок ата-энемдин ыраазычылыгы жок жашай албайм. Эмне кылсам болот?
// //

Ильдар Акбутин
Психолог
Тилекке каршы сиздин абал өтө карама-каршы экен. Бир жактан ата-энеңиздин талабы, экинчиден сүйгөн адамыңыз. Ата-эненин айтканы көпчүлүк учурда туура болуп калат. Себеби аларда тажрыйба көп. Мисалга Ромео и Жулетта повестин эстеп көрүңүз. Дүйнөдө андан өткөн кайгылуу чыгарма жок. Башка өңүттөн карасак, ата-энеңиздин тыюу салышы, сизди дагы эле кичине көрүп, өз алдынча чечим чыгара аларыңызга көздөрү жетпей жаткандыктан болушу мүмкүн. Аларга чоңоюп калганыңызды көрсөтө турган жалгыз адам-өзүңүз. Эгерде өз жашооңузга жоопкерчиликти алууга даяр эмес болсоңуз, анда ата-энеңиздин позициясын алып, айткандарын аткарыңыз. Жок мен чоң адаммын, кантип, ким менен жашоону өзүм чечем десеңиз, анда ата-энеңизге жаш бала эмес экениңизди, жашооңузга өзүңүз ээлик кылаарыңызды түшүндүрүп айтыңыз.