// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Мусулмандар бири-бирине белек берсе болобу?

Мусулмандарга жаңы жыл, 8-март, 14-февраль сыяктуу майрамдарда белек берүү жана майрамдоо туура эмес экен. Ал эми мени кызыктырганы анда мусулмандарга кайсыл майрамда бири-бирине белек берүү туура болот?

 

Эксперттин жообу
23.03.2018, 12:54

Кадыр Маликов

Теолог

Албетте мусулмандарга бири-бирине белек берүүгө болот. Исламдын ичинде диний жактан эки майрам бар, орозо айт жана курман айт. Ошондой эле ар бир жуманын жума күнү. Эгерде мусулман кимдир бирөө себепсиз эле бир күнү бирөөгө белек бергиси келсе, берсин. Эч кандай тоскоолдук жок. Ал эми 14-февраль сыяктуу майрамдын исламга тиешеси жок, батыш майрамы. Бул майрамдын булактарынан кабарыңыз болсо, алар күмөн санатаарын билсеңиз керек. Ал эми 8-март күнүн айта кетсем исламда бул күнү гана эмес аялдын ар бир күнү майрам болушу керек деген концепсиясы бар. Ошондуктан белектерди каалаган күнү бере берсеңиз болот. Бул учурда белек берүүгө ислам уруксат берет. Дагы бир ирээт эскертип кетейин, ислам дининде үч гана майрам бар, курбан айт, орозо айт, жума күн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт