// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Геморройдон кантип айыгам?

Мен 27 жаштамын. 7 жыл мурун геморройго чалдыккам. Көңүл бурчу эмесмин. Бирок былтыр төрөгөндөн кийин гүл сымал болуп чыгып калды. Ыңгайсыздык жаратып оорутуп, кычыштырууда. Угушум боюнча геморройдун 5-баскычында гана операция жасатпаса, кайра чыгып кетет экен. Бул чынбы? Азыр релиф колдоном. Болбосо чыдатпай оорутат.

Эксперттин жообу
20.01.2018, 21:31

Гульмира Асанбекова

проктолог

Геморройдун 4 баскычы бар. Ар бир баскычында операция жасатса же операциясыз эле дары-дармек, аппараттык метод менен дарыласа болот. Бала эмизип жаткан энелерге релифти колдонууга болбойт. Алар үчүн атайын шамдар, маздар бар. Андыктан өз алдынча ар нерсе кыла бербеңиз. Ден-соолугуңузга кам көрүп, тезирээк проктологго кайрылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт