// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Туруктуу жумушу жок болсо, ипотека берилеби?

 

Туруктуу жумушу жок, Москвада иштеген жарандар, күрөөгө эч нерсе койбой ипотекага үй алууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Эксперттин жообу
12.03.2018, 15:31

Мамлекеттик ипотекалык компания

Азыркы учурда мамлекеттик ипотека бюджетте иштеген жарандарга гана берилет. Ошондой эле 2018-жылдын биринчи жарымынан тартып, Германия өнүктүрүү банкынын эсебинен бюджетте иштебегендерге дагы берүү маселеси каралып жатат. Болгону шарттары башкача болот. Алсак жылына 14 пайыз менен Бишкек жана Оштон башка региондорду өнүктүрүү үчүн берилет. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков январдан тартып Мамлекеттик ипотека компаниясы каалоочулардын баарына жылдык пайызы 8 болгон насыя берилээри тууралуу сөз кылып өттү. Бирок азырынча так маалымат жок.

Мамлекеттик ипотеканы төмөнкү талаптарга жооп берген жарандар гана ала алат:

  • Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки.
  • Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
  • Катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайы жок болсо.
  • Катышуучуда 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу.
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт