19 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум менден 9 жаш улуу, бир кыздуу болдук. Кудайга шугур жакшы эле жашап жатканбыз. Бара-бара жолдошум үйгө анча-мынча келбей кала турган адат тапты. Кийин телефонунан бир кыз менен жүргөнүн билип калдым. Ал кыз менен байланышсам, “көп жылдан бери сүйлөшөбүз. Күйөөң өзү издеп тапты” деди. Акчаны жакшы тапкандыктан ага дагы акча берип турчу экен. Чындыгында аябай стресс болуп, өзүмдү кармай албай, тополоң кылдым. Ал убакта боюмда бар эле. Жолдошум жалдырап алып калды. Ал кызды менин көзүмчө сөктү. Ошентип кетпей калдым. Бирок жүрөгүмдө баштагыдай ага болгон сый жок. Жолдошумдун мүнөзү аябай көк. Үй жумуштарына кийлигишип, адамды эзип жиберет. Азыр ортодо эки балабыз бар. Башында эч нерсе деп айтчу эмесмин. Кийин каяша айтып үйрөнүп алдым. Урушуп кетсек кет дей берет. Көгөрүп сүйлөбөй кийин кайра чыдабай өзүм сүйлөп баштайм. Түндө жатканда кучактасам, кучактабачы дей берет. Сүйөм деп айтпайт. Акыркы убакта чыдабай калдым. Ажырашайын десем балдарды кыя албайм. Кандай айла кылсам болот?