// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Чемпион боло аламбы?

Азыр 6-класстын окуучусумун. Келечекте Улан Эралиевдей кармашып мушташуу (рукопашный бой) боюнча чемпион болгум келет. Мага Улан агайдан кеңеш сурап бере аласыздарбы?

Эксперттин жообу
19.01.2018, 13:02

Улан Эралиев

кармашып мушташуу боюнча чемпион

Кызыгууң жана максат койгонуң бул жеңишке болгон биринчи кадамың! Жакшы билим алуу менен өзүңдүн күндөлүгүңдү туура түзүп,жумасына 3-4 жолу машыгууну баштап ( же улантып) агайыңдын жана тажрыйбалуу спортчулардын кеңешин туура жана так аткарып, талыкпай эмгектенсең, буюрса сөзсүз көздөгөн максатыңа жетип, улуу элдин туусун бийиктикте желбиретесиң!

Эгер сен Бишкек шаарында болсоң ыңгайы келсе мен машыккан спорт мектебине келсең болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт