Мен 2-топтогу майыпмын, ата-энем каза болуп калган, көп жыл болду. Ошол жылдардан бери бир байкемдикинде, бир эжелеримдикинде жашап жүрөм. Баары тең өз алдынча жашашат, мен үйдүн кичүүсү болгонум менен майыптыгымдан жалгыз оокат кыла албайм. Эжемдердикине барганда колумдан келишинче жардам берип, баардык оокаттарына жумуштарына жардам берем. Бирок оору менен майыптыгымдан депрессияга чалдыктым. Же үйлөнө албасам, же эл катары бала жытын жыттап ата боло албасам, өзүм теңдүү балдар менен отуруп кичине ичип көрдүм, ичип алганда ого бетер депрессияга түштүм ар кайсыны ойлонуп. Азыр ооруканада жатам, мен эжемдердикине сагалабай өзүм курлуу майыптар үйүнө которулгум келет, анткени соо адамдар арасында мен ого бетер стресске кабылып жатам. Бир туугандарым болгон аракетин жумшап жакшы көрүп турса деле мен майыптар арасында болгум келип жатат. Алар иштешсе кошо иштеп оокат ашымды кылып кетет элем. Анткени кайсы эжемдикине барбайын сыртта баары мени шылдыңдап карачы баары жакшы а сен майыпсың, эжеңдер сени жакшы көрбөйт деп айтышат, ошондуктан мен ооруканадан чыгып эле ошол майыптар үйү болобу, же ушундай мага окшогондор чогуу оокат кылып иштеген мекемелер барбы, айтып коесуздарбы? Мен кайда кайрылсам болот, телефон номерлери барбы? Бир туугандарыма айттым, алар ыйлап жатышып араң макул болушту, сенин чечимиңди сыйлайбыз дешти. Мүмкүн мен ошол майыптар үйүндө өзүмө окшош бирөөнү таап бактылуу болом. Мен жигитмин, жашым 25 де. Жардам сурайм силерден.