// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Секонд-хендде жин шайтандар жабышканбы?

Секонд-хендден кийим алсам апам урушту, ал жактын кийимдеринде жин, шайтандар болот деп. Чындыгында эле ошондойбу?

Секенд хендден алган кийимдер кишини аллергия кылып же оору жуктурабы?

Эксперттин жообу
18.01.2018, 16:07

Улан Усупов

дин таануучу

Албетте эл арасында мындай сөздөр жок эмес. Секонд-хенддин же башка бирөөнүн (туугандардын, тааныштардын ) кийимин кийсе болот. Болгону алгандан кийин жакшылап жууп туруп, анан кийиш керек. Андай кийимдерде жабышкан жин, шайтан болот деген түшүнүк туура эмес.

Низар Кеңешбеков

аллерголог

Секенд хендден алган кийимдерден оору жуктуруп же аллергия болушуң мүмкүн. Себеби буга чейин ал кийимди кандай адам кийгенин сен билбейсиң да. Ким билет ал кийимдерди денесинде жугуштуу оорусу бар адам кийгендир. Ал жактын кийимдеринин кездемеси жакшы деп арзан баада алганың менен өзүңө коркунучтуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар. Деги эле секенд хендден алган кийимдер эмес кадимки эле биз дайыма базардан, дүкөндөрдөн сатып алып кийип жүргөн кийимдерден да денеси сезгичтердин кычышуу, чүчкүрүү же аллергияга реакциясы болушу мүмкүн.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт