// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Түнү бою көчөдө жүрөм

15 жаштамын. Менин досторум көп. Мектептен кийин ар кайсы жакка барып, жүрө беребиз. Көп учурда үйгө караңгыда келем. Апам кеч келесиң деп уруша берет. Мен түнгө чейин көчөдө жүрө берүүгө укугум барбы?

Эксперттин жообу
18.01.2018, 14:35

Толекан Исмаилова

Укук коргоочу

 

Сиз 15 жашта болгондуктан өспүрүм болуп эсептелинесиз. Кыргыз Республикасынын Конститутциясында атайын балдар үчүн кодекс бар. Ал кодекске ылайык сиз 18 жашка чыкканча ата-энеңиздин карамагында болосуз. Эгер сиз менен кандайдыр бир кокустуктар болуп кетсе, ата-энениз жоопкерчиликтүү болгондуктан, сиз эмес, алар жоопко тартылат. Апаңыз сизди урушуп, кабатырланып жатканы туура. Андыктан 18ге толмоюн түнү менен көчөдө жүрүүгө укугуңуз жок.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт